Мурдагы Транспорт министри Нурлан Сулайманов 2 айга камалды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту мурдагы транспорт министри Нурлан Сулаймановго карата камакка алуу бөгөт коюу чарасын тандады. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 2026-жылдын 5-октябрындагы токтому менен Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылды.
Сулайманов 3-декабрга чейин №21 тергөө абагына камакка алынды.
Ал коррупцияга айыпталууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

