Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын 17 жаштагы футболчулары өз тайпасында 1-орунда бара жатат

Кыргызстандын U-17 кыз-келиндер курама командасы Азия кубогунун тандоо этабындагы биринчи турдан кийин "D" тайпасында алдыга чыкты.

Кыргызстандык футболчулар катышкан "D" тайпасынын оюндары Вьетнамдын Хошимин шаарында өтүүдө. Анда Кыргызстандан тышкары Палестина, Вьетнам жана Түндүк Мариана аралдарынын курама командалары күч сынашууда.

5-октябрда өткөн биринчи турда башкы машыктыруучу Антонио Месанын жетекчилигиндеги Кыргызстандын кыздар командасы Түндүк Мариана аралдарынын теңтуштарын 18:0 эсебинде ири айырма менен жеңди.

Ал эми экинчи оюнда Вьетнамдын курамасы Палестинаны 6:0 эсебинде утту.

Тандоо этабынын жыйынтыгында тайпада биринчи орунду ээлеген команда гана Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз