Ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар 3 медаль жеңишти
Кыргызстандын спортчулары Иорданияда өтүп жаткан ардагерлер арасындагы спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи күнүндө үч медаль жеңишти.
Мелдештин биринчи күнүндө, 6-октябрда, грек-рим күрөшү боюнча эки жаш курактык категорияда 12 медаль топтому ойнотулду. Кыргызстандан килемге 12 балбан чыкты.
41–45 жаштагы спортчулар катышкан «В» дивизионунда Кыргызстандын атынан 10 балбан күч сынашып, эки медаль утушту. 62 килограммга чейинки салмакта Мурат Бекташев, ал эми 88 килограммга чейинки салмакта Мирбек Карабаев коло медалга ээ болушту.
Сергей Фуфачев (70 кг чейин) жана Нурлан Усөнов (78 кг чейин) да коло медаль үчүн күрөшүп, бирок атаандаштарына жеңилип калышты. Алар жыйынтыгында 5-орунду ээлешти.
Ал эми 56–60 жаштагы спортчулар катышкан «Е» дивизионунда Кыргызстандын атынан эки балбан чыкты. Алардын бири Чынарбек Изабеков 100 килограммга чейинки салмакта медаль үчүн күрөштү.
Ал алгачкы беттешинде жеңилип калганына карабастан, кийинки эки күрөштө жеңишке жетип, жыйынтыгында 3-орунду ээледи жана коло медаль тагынды.
Ошентип, Кыргызстандын курамасы чемпионаттын биринчи күнүндө үч коло медаль жеңип алды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

