Азия кубогуна тандоо: Кыргызстандын 17 жашка чейинки курамасы тайпада экинчи орунга түштү

Кыргызстандын U-17 кыздар курамасы Азия кубогунун тандоо оюндарынын экинчи турунан кийин экинчи орунга түштү.

Кыргызстандын жаш футболчулары катышкан D тайпасынын оюндары Вьетнамда өтүп жатат.

8-октябрда экинчи турдун алкагында кыргызстандык футболчулар Палестинанын курамасы менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Оюнда кыргызстандыктар эсепте артта калып, кийин жеңишти камсыздай алышты.

Тайпанын дагы бир беттешинде Вьетнамдын курамасы Түндүк Мариана аралдарынын командасын 20:0 эсебинде ири айырма менен утту.

Эки турдун жыйынтыгында Вьетнам менен Кыргызстандын курамалары 6 упайдан топтоп, тайпада алдыңкы орундарды ээлеп турушат. Бирок киргизген жана өткөрүп жиберген голдорунун айырмасы жакшы болгондуктан, Вьетнам биринчи орунга чыкты. Кыргызстан экинчи орунда турат.

Тандоо баскычынын акыркы туру 11-октябрда өтөт. Анда кыргызстандык футболчулар Вьетнамдын курамасы менен беттешет.
Кыргызстанга Азия кубогунун финалдык баскычына жолдомо алуу үчүн бул оюнда сөзсүз жеңиш керек.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз