ОшМУда «Орхун» программасынын алкагында конок лекция уюштурулду
Ош мамлекеттик университетинде эл аралык «Орхун» академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында конок лекция уюштурулду.
6–16-октябрь күндөрү иш сапары менен ОшМУга келген К. Жубанов атындагы Актөбө аймактык университетинин физика-математика факультетинин математика кафедрасынын профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты Аскарбек Иманчиев университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушту.
Жолугушууда эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу жана Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун келечектеги ишмердүүлүгүнүн перспективалары талкууланды.
Ошондой эле 9-октябрда Аскарбек Иманчиев физика-математикалык билим берүү багытынын математика жана информатика профили боюнча бакалавриаттын I–IV курсунун жана магистратуранын I–II курсунун студенттерине «Тексттик маселелерди чыгаруунун айрым натыйжалуу ыкмалары» деген темада конок лекция окуду.
Лекциянын жүрүшүндө тексттик маселелерди чыгаруунун натыйжалуу ыкмалары каралып, студенттердин математикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана кесиптик билимдерин тереңдетүүгө багытталган маселелер талкууланды.
Педагогика илимдеринин доктору, Математиканы, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын башчысы Аида Келдибекованын маалыматына ылайык, конок лекцияга чейин Аскарбек Иманчиев менен окутуучулардын жолугушуусу өткөрүлүп, университет боюнча экскурсия уюштурулган.
«Орхун» академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагындагы мындай иш-чаралар университеттер аралык байланыштарды чыңдоого, билим берүү тармагында тажрыйба алмашууга жана илимий-педагогикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Материалды даярдаган: Гүлзада Өскөнбаева.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

