Мурдагы Саламаттык сактоо министри менен УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары камалды
Биринчи май райондук соту 10-октябрда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Каныбек Досмамбетовду жана УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары Курванбек Авазовду 1-абакка камакка алды. Бул маалыматты «АКИpress» агенттигине Бишкек шаардык сотунан тастыкташкан.
Досмамбетов 9-ноябрга чейин, ал эми Авазов 21-ноябрга чейин камакта болот.
Досмамбетов Саламаттыкты сактоо министрлигине чейин УКМКда иштеген. Ал жетекчилик кызматтарды ээлеген.
УКМКнын жогорку кызматта иштеген мурдагы кызматкерлери 9-октябрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Досмамбетов КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен, ал эми Авазов КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында же оор кесепеттерге алып келген коррупция) менен шектелүүдө.
Алар ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдө пара алып, ошондой эле кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.
Көзөмөл органы тарабынан жайылтылган видеодо Досмамбетов жактоочунун катышуусунда ишкерден алган 150 миң долларды кайтарып бергени тартылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

