Марсел Нурланбек уулу Ташкентте мушташат
Кыргызстандык мушкер Марсел «Anytime» Нурланбек уулу өзүнүн кезектеги беттешин өткөрөт.
Ал 17-октябрда Ташкентте (Өзбекстан) өтө турган турнирде мушташат. Анын атаандашы өзбекстандык Самандар «Танк» Реимбаев болот.
«Nomad Fighting» лигасысындагы беттештерде классикалык ММА′ден айырмаланып толук кандуу партерге тыюу салынган.
Күрөштүн жоктугунан улам беттештер көп учурда мөөнөтүнөн мурда нокаут менен аяктайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

