«Бишкек Сити» командасынын оюнчусу голдон кийин атаандашына орой ишарат көрсөтүп, кызыл карточка алды
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын Жогорку лигасында 25-турдун оюндары 10-октябрда жыйынтыкталды.
Бул турдагы беттештердин бири Кара-Балта шаарындагы «Манас» стадионунда өтүп, жергиликтүү «Кыргызалтын» клубу «Бишкек Сити» командасын кабыл алды.
«Кыргызалтын» турнирдик жадыбалда акыркы орунда турат. Команда өлкөнүн жогорку лигасында калуу үчүн күрөшүп, атаандаштарына жакындашуу максатында упай топтоого муктаж.
Биринчи таймдын негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады. Башкы калыс Вероника Бернацкая кошумча эки мүнөт бергени менен, оюн дагы жети мүнөткө созулду.
Кошумча убакыттын экинчи мүнөтүндө «Бишкек Сити» эсепти ачты. Бразилиялык Рикельме башы менен так сокку узатып, командасын алдыга чыгарды — 1:0.
Голдон кийин топ талаанын борборуна жеткирилгени менен, оюн көпкө чейин уланбай турду. Анда VAR бөлмөсүндө Санжар Жакыпбеков кандайдыр бир учурду кайталап көрүп жатканы белгилүү болду.
Гол болгон учурду кайталап көрүү кадимки көрүнүш. Бирок бул жолу талкууга түшкөн жагдай башка эле.
Рикельме гол киргизгенден кийин командалаштарынын курчоосунда калды. Андан соң ал «Кыргызалтындын» украиналык оюнчусу Ярослав Шаповаловду көздөй чуркап барып, ага бир нерселерди кыйкыра баштады.
Буга чейин сары карточка алган Шаповалов бразилиялык футболчуга жооп катары орой ишарат көрсөттү. Бул учурду видеодон көрүүгө болот. Рикельме дароо башкы калыска чуркап барып, болгон окуяны көрсөттү.
Видеону 1 мүнөт 45 секундунан баштап көрүңүз.
Бернацкая эпизоддун видеокайталоосун көрүп чыгып, чечимин тез кабыл алды.
Рикельмеге сары карточка көрсөтүлсө, Шаповалов түз кызыл карточка алып, оюндан четтетилди.
Экинчи таймда «Бишкек Сити» дагы үч гол киргизип, ири эсеп менен жеңишке жетти — 4:0.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

