Кийинки жылдан баштап студенттердин стипендиясы жогорулайт
Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуучулардын стипендиялары жогорулатылат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү көбөйтүлөт.
Министрлер кабинетине зарыл чараларды көрүү жана 2027-жылга, 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджеттин долбоорунда жарлыкты ишке ашырууга керектүү каражаттарды кароо тапшырылды.
Президенттин 2005-жылдын 19-январындагы №20 стипендиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө жарлыгы күчүн жоготту деп таанылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

