Ошто аялдар арасында онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча жыйын болууда
Бүгүн, 13-октябрь күнү Ош шаарындагы № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун жыйындар залында аялдардын ден соолугун коргоо, онкологиялык оорулардын алдын алуу жана калк арасында медициналык маалымдуулукту жогорулатуу максатында «Кызгылт октябрь» аталышындагы бир айлык акциянын алкагында «Сен өмүрдүн чырагысың, аялзат!» темасында тегерек стол өтүүдө.
Иш-чара № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлер тобу тарабынан уюштурулуп, ага саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү жана ар кайсы тармакта эмгектенген активдүү айымдар катышты.
Тегерек столдун негизги максаты — аялдар арасында онкологиялык оорулардын алдын алуу боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, ооруларды эрте аныктоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү жана аялзатына комплекстүү медициналык-психологиялык колдоо көрсөтүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучу топтун өкүлдөрү сөз сүйлөп, аялдардын ден соолугуна кам көрүүнүн жана онкологиялык оорулардын алдын алуунун маанисине токтолушту.
Андан соң Ош шаарынын саламаттык сактоо координаторунун орун басары Ш. М. Кожобекова жана Ош облустар аралык онкология борборунун директорунун орун басары А. О. Айдаров сөз сүйлөп, аялдардын ден соолугун сактоо, онкологиялык ооруларды алдын алуу жана аларды эрте аныктоонун маанилүүлүгү тууралуу ой бөлүшүштү.
Жолугушуунун кийинки бөлүгүндө дарыгерлер тарабынан онкологиялык оорулардын алгачкы белгилери, аларды өз убагында аныктоо жана алдын алуу жолдору тууралуу маалыматтар слайддардын коштоосунда көрсөтүлдү. Катышуучуларга оорунун белгилерине кайдыгер карабоо, профилактикалык текшерүүлөрдөн үзгүлтүксүз өтүү жана шектүү белгилер байкалган учурда адиске өз убагында кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлдү.
Уюштуруучулар билдиргендей, «Кызгылт октябрь» — дүйнө жүзүндө аялдардын ден соолугуна, өзгөчө эмчек рагынын алдын алууга жана аны эрте аныктоого көңүл бурулган мезгил. Мындай иш-чаралар аялдардын медициналык сабаттуулугун жогорулатууга, коомчулукта туура түшүнүктү калыптандырууга жана оорулардын алдын алуу маданиятын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

