Онкологиялык оору менен жабыркаган эки жаран Гуанжоуда каза болгон

2025-жылы онкологиялык оорудан жабыркаган эки кыргызстандык Гуанчжоуго дарыланууга кетип, бирок операциядан кийин каза болушкан. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Кыргызстандын Гуанчжоудогу башкы консулу Эрнист Жаманкулов парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар бир айга жетпеген убакыт дарыланышкан. Аларга хирургиялык операция жасалган, бирок эки бейтап тең аны көтөрө албай калышкан.

Бул маселени депутат Элвира Сурабалдиева (№23 округ) көтөрдү. Ал Кыргызстандын жарандары арасында ракты Кытайда салттуу эмес же улуттук медицина, анын ичинде ар кандай чөптөрдүн жардамы менен дарылоого болору тууралуу маалымат тарап жатканын айтты.

Депутат онкологиялык оорулар белгиленген медициналык стандарттар боюнча дарылоону талап кыларын адамдарга так түшүндүрүү керектигин айтты. Ал жарандарды чет өлкөдө салттуу эмес ыкмалар менен дарыланууга үмүттөнүп, профилдик онкологдордун жардамынан баш тартпоого чакырды.

«Бизде өзүбүздүн онкологдор бар. Башка адистештирилген клиникаларга кайрылса болот, бирок ракты кайсы бир жерде сөзсүз түрдө чөптөр же башка салттуу эмес ыкмалар менен айыктырат деп ишенүүгө болбойт», - деди ал.

Жаманкулов Кытайда онкологиялык ооруларды дарылоодо квалификациялуу адистерге кайрылуу жана медициналык дарылоо ыкмаларын сактоо зарылдыгы менен макул болду.

Сурабалдиева кыргызстандыктар чет өлкөгө дарыланууга кетер алдында Саламаттыкты сактоо министрлиги жана профилдик дарыгерлер менен кеңешүүсү керектигин кошумчалады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз