Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлери квалификациясын уюмдун эсебинен жогорулата алат

Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында иштеген медицина кызматкерлери квалификациясын жогорулатуу үчүн окуудан ошол уюмдардын эсебинен өтүүгө укуктуу. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген саламаттык сактоо тармагында кошумча билим берүү тартибинде каралган.

Документке ылайык, кошумча билим алуу медицина жана фармацевтика адистеринин кесиптик компетенцияларын үзгүлтүксүз өнүктүрүү жана сактоо үчүн милдеттүү болуп саналат. Ал билимди жана көндүмдөрдү жаңылоого, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүүгө багытталган.

Кошумча билим алууга саламаттык сактоо тармагында орто же жогорку кесиптик билими бар адистер, ошондой эле тиешелүү билимди азыр алып жаткан адамдар катыша алышат.

Тартипте кошумча билим берүүнүн үч түрү каралган:

Квалификацияны жогорулатуу — негизги адистиктин алкагында билимди тереңдетүүгө жана жаңылоого, кесиптик деңгээлди жогорулатууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө багытталган курстар жана окуу циклдери.

Кесиптик кайра даярдоо же алгачкы адистештирүү — негизги адистиктин профилине ылайык жаңы кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө же ишмердүүлүктүн багытын кеңейтүүгө багытталган окуу.

Кыска мөөнөттүү билим берүү иш-чаралары — билимди жаңылоо жана тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлүүчү конференциялар, семинарлар, вебинарлар, мастер-класстар жана симпозиумдар.

Окутуу жеке пландардын негизинде иштен ажыратпастан, жарым-жартылай же толук ажыратуу менен жүргүзүлөт. Программаларды үзгүлтүксүз же этап-этабы менен өздөштүрүүгө болот. Ошондой эле айрым курстарды жана сабактарды окуу, практикадан өтүү же стажировкадан өтүү каралган. Окутууда аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга да уруксат берилет.

Билим берүү уюмдары окуу программаларын квалификациялык талаптарды, кесиптик стандарттарды, улуттук клиникалык колдонмолорду жана протоколдорду, ошондой эле далилдүү медицинага негизделген эл аралык сунуштарды эске алуу менен өз алдынча иштеп чыгып, бекитет. Окутуунун көлөмүн аныктоо үчүн зачеттук бирдиктер же кредит-сааттар системасы колдонулат.

Медициналык жана фармацевтикалык багыттарда кошумча билим берүү ишмердүүлүгү лицензияланууга тийиш. Лицензияларды саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу орган берет. Билим берүү уюмдары милдеттүү түрдө мамлекеттик аккредитациядан өтүшү керек.

Квалификацияны жогорулатуу программалары жана билим берүү иш-чаралары аккредитациядан өткөрүлүп, бирдиктүү реестрге катталат. Реестрде окуу программалары, өткөрүлгөн иш-чаралар жана аларды аяктагандыгын тастыктаган документтер эсепке алынат.

Медициналык кадрларды кайра даярдоо программаларын ишке ашыруу үчүн уюм институционалдык жана программалык аккредитациядан өтүп, квалификациялуу окутуучулар жана клиникалык база менен камсыз болушу зарыл.

Медициналык кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашыруу системаны түзүүчү мамлекеттик билим берүү уюмуна, ошондой эле билим берүү франшизасы же окутууну академиялык жана методикалык жактан башкаруу боюнча келишимдердин негизинде иштеген уюмдарга каралган.

Окуу программасын өздөштүргөндөн кийин угуучулар жыйынтыктоочу аттестациядан өтүшөт. Окууну ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттар, күбөлүктөр же тиешелүү документтер берилет. Билим берүү уюмдары берилген документтерди жана ар бир угуучунун окуу жыйынтыктарын эсепке алып, аларды архивде сактоого милдеттүү.

Угуучулар кесиптик муктаждыктарына ылайык келген курстарды тандоого, ошондой эле кесиптик ассоциациялар жана бирикмелер аркылуу окуу программаларынын мазмунун түзүүгө катышууга укуктуу. Окутуунун сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.

Кошумча билим берүү акы төлөнүүчү негизде да жүргүзүлүшү мүмкүн. Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу программалардын тизмесин, аларды ишке ашыруунун тартибин жана шарттарын Министрлер Кабинети аныктайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз