Эрлан Марс уулу дүйнө чемпионатында коло медаль жеңди
Кыргызстандык балбан Эрлан Марс уулу АКШда өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль утту.
Дүйнө чемпионаты АКШнын Флорида штатындагы Лас-Вегас шаарында өтүүдө.
Марс уулу 82 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 12-октябрда 1/16 финалдык баскычтан баштаган.
Алгач грек балбанын жеңип, чейрек финалга чыккан. Бирок бул баскычта армениялык атаандашына жеңилип калган. Армениялык балбан кийин финалга чыккандыктан, кыргызстандык спортчу коло медаль үчүн көңүл жубатуучу беттештерге катышууга мүмкүнчүлүк алган.
Алгачкы беттеште сербиялык Огнен Яковлевич менен кез келип, атаандашын 2:1 эсебинде жеңген.
Коло медаль үчүн беттеште швециялык Александр Йоханссон менен килемге чыккан. Биринчи бөлүктө швед балбаны 5 упай топтоп, тыныгууга 5:0 эсебиндеги артыкчылык менен кеткен.
Экинчи бөлүктө Эрлан Марс уулу атаандашын төрт упайлык ыкма менен ыргытып, андан соң далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Натыйжада кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынды.
Бул — Кыргызстандын дүйнө чемпионатындагы экинчи коло медалы. Буга чейин Кубаныч Арынов 60 килограммга чейинки салмак категориясында коло байгеге ээ болгон.
Эрлан Марс уулунун беттештеринин жыйынтыгы:
- 1/8 финал: Андреас Василакопулос (Греция) — 7:0.
- Коло үчүн көңүл жубатуучу беттеш: Огнен Яковлевич (Сербия) — 2:1.
- Коло медаль үчүн беттеш: Александр Йоханссон (Швеция) — далыга басуу ыкмасы менен жеңиш.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

