Акбар Абдуллаев - сыймыктуу кыргыз мушкери

Акбар Абдуллаев — аралаш күрөш боюнча кыргыз мушкери. Ал 1997-жылы  21- сентябрда Кара- Суу районунун  Мады айылында туулган. Профессионалдык рекорду: 14 жолу беттешкен жана уткан.Утулуу болгон эмес.

Мушкер 10 жашынан күрөш менен машыгат, 20 жашынан баштап аралаш күрөшкө өткөн. 2026- жылдын  15- сентябында  Dana White's Contender Series тандоо турунда  бразилиялык мушкер Эднилсона Барроса Сантосту  19 секундда нокаут менен жеңип, UFC менен  контракт түздү. Акбар Абдуллаев UFC менен контракт түзгөн кыргызстандык биринчи  мушкер болуп саналат. Профессионалдык ММА боюнча Акбар Абдуллаев  2020 -жылы FMR Fighting Championship турниринде Курбон Аминовду техникалык нокаут менен биринчи  раундда жеңген. 2022- жылы  RCC боюнча эки жолу күрөшкө чыккан жана жеңишке жеткен. Ошол эле жылы июнда  Константин Смирновду биринчи   раундда жеңген, сентябрда Александр Трескинди техникалык нокаут менен жеңген.  2023- жылы   Абдуллаев   ONE Championship менен  контракт түзүп, 2025- жылга чейин беттешүүлөргө катышкан. Бул мезгилде  беттешүүгө катышып, баарында тең жеңишке жеткен.

2026 -жылдын  15- сентябрында  Бразилиялык мушкер Эднилсона Барроса Сантосту  өзгөчө ыкма менен жеңип,  укмуштуудай таанылган Акбар Абдуллаев дүйнөнү таң калтырды. Анткени ал 19 секундда атаандашын  нокаут менен жеңген.  АКШда, Лас-Вегаста өктөн бул беттешүүдө  бразилиялык  Эднилсона Сантосту   анын секунданты , UFCтин чемпиону Алекса Перейраны, беттештин промоушени Дэйна Уайтты жана дүйнөнү таң калтырган  жердешибиз Акбар элибиз үчүн чоң сыймык. Дэйна Уайт Акбарды бул күрөштөгү он жылдык мезгилдин чиндеги башкы талант деп баалаган.   Бул жеңиши менен 28 жаштагы мушкер Акбар Абдуллаев планетанын күчтүү лигасына кошулду жана ONE Азиялык лигасынын чемпиону болду.

Жердешибиз жана сыймыгыбыз Акбар Абдуллаев үч жашынан ата -энеси менен РФнын Пермь облусундагы Чайковский шаарында жашаган. Ал жерде жаш кезинен спорт менен машыгып, тай боксу, кикбоксинг менен алектенген. Мектепти аяктаган соң, колледжге тапшырган, бирок, окууну бүтө элегинде Кыргызстан мекенинде аскерде кызматын өтөгөн. Мекенде аскер кызматын өтөгөн соң, Москва шаарына барат. Муай-тай менен машыгат, машыгуу залына, турак жайга төлөө үчүн акча каражатын табуу максатында заводдо сварщик болуп иштейт. 11 сааттап түнкү нөөмөттө иштеп жүрөт. Башка да түрдүү жумуштарда иштей. Мекенге кайтып, таксист жумушун да аткарат. 2022ө жылдан баштап профессионалдык аралаш күрөшкө олуттуу кирише баштайт. Дебюттук күрөштө жогоруда айткандай, тажикстандык  Курбон Аминовду жеңет.

Кыргызстанда Акбар Абдуллаев жергиликтүү  WEF (World Ertaymash Federation) лигада күрөшөт. Үч жолку күрөштө катар жеңишке жетишип, лиганын Гран-при сыйлыгын утат. 2023-жылы мушкер Абдуллаев ири  Азиялык  уюм ONE Championship  менен келишим түзөт.  Бул уюмдагы дебютта ал  44 секундда Түштүк Кореялык  Хо Тхэк Ону жеңет. Эквадорлук  Аарона Каньяртени  нокаут менен  41 секундда жеңет. Андан соң, Акбар турциялык жеңилбес  Халила Амирди жеңет.

2025-жылы январда Акбар  ONE Fight Night 27  турниринде  көптөгөн жылдар ичинде уюмдун чемпиону болуп келген кытайлык Тан Каяны жеңет. 2025-жылы сентябрда   ONE on Prime Video 35 турниринде үчүнчү раундда  россиялык Ибрагима Дауевди жеңди.
Акбар Оштогу   Al Munar Team клубунда машыгат, Tiger Muay Thai Таиланд кемпинде, АКШда, Флоридадагы  American Top Team  залында ( Арман Царукян  жана  Мовсар Евлоевдердин жанында ) да машыгуулардан өтөт, ошондой эле Дагестанда   Абдулманап Нурмагомедовдун мектебинде  Исламом Махачев менен  машыгууларда болот.

2026- жылдын  сентябрындагы DWCSтеги  жеңиши менен Акбар Абдуллаев Кыргызстандын UFCтеги, бешинчи атаандашы болуп,  Валентина Шевченконун, Мыктыбек Оролбайдын, Ураном Сатыбалдиевдин  жана  Муртазали Магомедовдун катарына кошулду.
 Акбардын күрөштөгү каймана аты — Бакал жана бул руху бийик, эр жүрөк дегенди билдирет. Акбарга мындан кийинки беттештеринде да жеңиштерди каалайбыз. Кыргыз элинин даңкын чыгарып, Кыргызстандын Желегин бийик желбирете берсин!

Материал КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин медиа чөйрөдөгү мамлекеттик социалдык заказынын алкагында даярдалды.

К.Кыдыралиева.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз