Кубаныч Арынов дүйнө чемпионатында кол медаль утту
АКШнын Лас-Вегас шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Кубаныч Арынов коло медаль утту.
14-октябрга караган түнү грек-рим күрөшү боюнча алгачкы 5 алтын медаль ойнотулду.
Арынов 60 кг чейинки салмак даражасында күч сынашып, мелдешти 1/8 финалдан баштады. Ал биринчи беттешинде АКШ өкүлүн 64 секунддун ичинде жеңип, бирок чейрек финалда азербайжандык балбанга утулду.
Ал эми коло медаль үчүн сооротуучу турнирдин биринчи раунданда Польшанын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңсе, 3-орун үчүн болгон күрөштө өзбекстандык спортчуну туше ыкмасы менен утту.
Жыйынтыгында Арынов 3-орунду ээлеп, коло мдаль тагынды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн ушул дүйнө чемпионатындагы эң биринчи сыйлык болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

