Орусия Казакстандан рэпер Наваинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды
Орусиянын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу рэпер Наваи Бакировдун кармалышынын жагдайларын түшүндүрүп берүүнү өтүнүп, Казакстандын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.
«Биз нота жөнөттүк. Бул — жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен расмий байланыш түзүүнүн жолу. Биз окуянын жагдайларын тактап, Орусиянын жараны учурда кайда экенин, кандай шартта кармалып турганын билүүнү жана зарыл болгон учурда аны менен консулдук кызматкерлердин жолугушуусуна уруксат берүүнү сурадык», — деп билдиришти Орусиянын Башкы консулдугунан.
Ошондой эле консулдук Орусия тарап Навайдын кармалганы тууралуу маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарынан билгенин, Казакстандын бийлиги бул боюнча расмий кабар бербегенин билдирди.
Ал эми рэпердин жактоочулары соттун камакка алуу чечимине каршы апелляциялык арыз даярдай башташты.
Наваи Бакиров 13-октябрда Кыргызстандан Казакстанга өтүп бара жатканда «Кордай» өткөрмө бекетинен кармалган. Жамбыл облусунун полиция департаментинин маалыматына караганда, ал бараткан унааны текшерүү учурунда баңгизат табылып, алынган.
Рэпер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, 15-октябрда сот аны камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда ага карата баңгизаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сактоо беренелери боюнча тергөө жүрүп жатат.
14-октябрда Астана шаарында Наваинин жеке концерти өтмөк. Бирок концерттин башталышына төрт саат калганда билет саткан оператор иш-чара «техникалык себептерден улам» токтотулганын жарыялаган.
Кыргызстандын Чек ара кызматы рэпердин «Ак-Жол — автожол» өткөрмө бекетинен текшерүүдөн кандай өткөнүн аныктоо үчүн кызматтык иликтөө баштады. Мекеме мыйзам бузуу аныкталса, жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирди.
Наваи Бакиров — азербайжан тектүү орусиялык рэпер жана ырчы. Ал HammAli & Navai дуэтинин курамында кеңири таанылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

