Орусиялык композитор Максим Фадеев "Кыргызстан" аттуу ыр жазганын айтты

Орусиялык белгилүү композитор жана музыкалык продюсер Максим Фадеев «Кыргызстан» деген ыр жазып, аны жарыкка чыгарды.

Ырды «Номад» үчилтиги жана «Ты супер! Кыргызстан» шоусунун калыстар тобунун мүчөсү Илья Булыгин аткарышты.

Фадеев өзү социалдык тармактарда бул ыр Кыргызстандын жерине жана элине болгон анын чын жүрөктөн чыккан арноосу экенин жазды.

«Кыргызстан — укмуштуудай өлкө. Мында эркиндиктин өзгөчө сезими бар: тоолорунда, абасында, жаратылышынын улуулугунда. Ошол эле учурда — адамдардын чексиз жылуулугу, өз тамырларына болгон сый-урматы жана туулган жерине болгон абдан күчтүү сүйүүсү байкалат. Мен мунун баарын музыкада жана аткарууда чагылдыра алдым деп чын жүрөктөн үмүттөнөм. Биздин ырды угуңуздар!», - деп бөлүштү композитор.

Ыр 16-октябрда чыкты.

Ал эми 24-октябрда саат 19:20да «Номад ТВ» каналында «Ты супер! Кыргызстан» шоусунун финалында долбоордун финалчыларынын катышуусу менен ырдын эксклюзивдүү ТВ-ачылышы болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз