Сауд Арабияда Орусия менен АКШнын 12 саатка созулган сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды

Орусиянын жана АКШнын делегацияларынын Эр-Рияддагы сүйлөшүүлөрү 12 саатка созулуп, аяктаганын ТАСС жана «РИА Новости» агенттиктери делегациялардагы булактарына таянып кабарлашты.

Агенттиктердин маектештеринин айтымында, биргелешкен билдирүү бүгүн, 25-мартта жарыяланат. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темалары катары Кара деңиздеги кеме каттамдарынын коопсуздугу жана энергетикалык объектилерге убактылуу ок атышууну токтотуунун шарттары талкууланганы белгиленди.
 
Кийинчерээк Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да сүйлөшүүлөр аяктаганын ырастады.
 
Орус делегациясын Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Григорий Карасин жана ФСБ директорунун кеңешчиси Сергей Беседа жетектеди. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, америкалык тараптан сүйлөшүүлөргө АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Европага жана Орусияга байланыштуу мурдагы жогорку даражалуу директору Эндрю Пик жана Мамлекеттик департаменттин жогорку кызматкери Майкл Антон катышты.
 
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков мурдараак билдиргендей, Москва менен Вашингтондун эксперттик топтору «Эр-Рияддагы кеңешмелердин» жыйынтыгында эч кандай документтерге кол коюуну пландаган эмес.
 
23-мартта Эр-Риядда Киев менен Вашингтондун өкүлдөрү да жолугушкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз