Алайда 17 жаштагы жигит жараат алып, ооруканага кайрылган. Ага шектүү катары кармалган жигит үй камагына чыкты
2025-жылдын 21-март күнү Алай райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган Ф.А.аттуу жаран денесинен жараат алып, аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты каттоого алынып, окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Жабырлануучуга тийиштүү экспертиза дайындалган.
«Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган»,- деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары 2009-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
2025-жылдын 22-март күнү райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.