Кыргызстан сасык тумоого каршы дагы 100 миң доза вакцина сатып алууну пландоодо

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого каршы кошумча 100 миң доза вакцинаны 30 млн сомго сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу министрдин орун басары Гүлбара Ишенапысова 26-октябрда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында билдирди.

Буга чейин Кыргызстанга 20 млн сомго сатылып алынган «Гриппол+» вакцинасынын 63 миң 734 дозасы жеткирилген.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда вакцинаны 48 миң 766 адам алды. Бул өлкөгө жеткирилген вакциналардын жалпы санынын 77 пайызын түзөт.

Эң көп эмдөө Бишкек шаарында жүргүзүлүп, 12 миң 27 адам вакцина алган. Жалал-Абад облусунда 8 миң 342, Ош облусунда 7 миң 871 адам эмделген. Ал эми Чүй облусунда 5 миң 911, Баткен облусунда 3 миң 693, Ысык-Көл облусунда 3 миң 552, Ош шаарында 2 миң 723, Нарын облусунда 1 миң 963 жана Талас облусунда 1 миң 469 адамга вакцина сайылган.

Эмдөө биринчи кезекте тобокелдик тобуна кирген жарандарга жүргүзүлүүдө. Алардын арасында 24 миң 558 медицина кызматкери, өнөкөт оорулары бар 16 миң 627 адам, 65 жаштан жогорку 3 миң 858 жаран, 365 кош бойлуу аял жана мектеп-интернаттар менен балдар үйлөрүндө тарбияланган 2 миң 113 бала бар.

Министрдин орун басарынын айтымында, Кыргызстанда тобокелдик тобуна кирген жарандардын саны 650 миңден ашат. Бирок учурдагы вакцина запасы алардын 9,1 пайызын гана эмдөөгө жетет.

Ушуга байланыштуу министрлик кошумча 100 миң доза вакцина сатып алууну көздөөдө. Жаңы вакциналар Кыргызстанга 15-ноябрга чейин жеткирилери күтүлүүдө.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз