Стамбулдагы нааразычылык акциялары: 1133 киши кармалды, 123 полиция кызматкери жабыркады

Стамбул мэри Экрем Имамоглу кармалгандан кийин башталган беш күндүк нааразычылык акцияларында 1133 шектүү кармалып, 123 полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Ерликаяга шилтеме берип, NTV каналы кабарлады.

Министр өз билдирүүсүндө «Ар бир жаран алдын ала уруксатсыз эле куралсыз жана тынч жыйындарды, демонстрацияларды өткөрүүгө укуктуу» экенин эскертип, бирок акыркы күндөрү «айрым күчтөр бул укукту пайдаланып, коомдук тартипти бузууга аракет кылып, көчө акцияларына чакырып, полицияга кол салууда» деп айтты.
 
«Бул аракеттер элдин тынчтыгын жана коопсуздугун бузууга багытталган. Демонстрациялар учурунда 123 полиция кызматкери жаракат алды. Тартипсиздиктер маалында кислота, таштар, таякчалар, фейерверктер, күйүүчү суюктуктар куюлган бөтөлкөлөр, балталар жана бычактар алынган. Полиция кызматкерлерине кол салган, коомдук мүлккө зыян келтирген жана жарандардын коопсуздугуна коркунуч жараткан адамдар боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат. 19-23-март аралыгында болгон мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу 1133 шектүү кармалды. Кармалгандардын арасында 12 ар башка террористтик уюмдар менен байланышы бар адамдар аныкталды», – деди Али Ерликая.
 
Министр жарандарды сак болууга жана ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырды.
 
Эрдогандын билдирүүсү
 
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да бул окуялар боюнча билдирүү жасады. Ал Стамбул мэри Экрем Имамоглунун камалышынан кийинки окуяларды бүт өлкө кунт коюп байкап жатканын белгиледи.
 
«Оппозициялык партиянын негизги жетекчилери, анын ичинде партия лидери, тилекке каршы, чоң сабатсыздыкты көрсөтүштү. Алар коррупция, уурдоо, паракорлук, тууганчылдык жана кызматтык көз боёмочулук боюнча коюлган айыптарга жооп бергендин ордуна, беш күн бою биздин саясий тарыхта болуп көрбөгөндөй төмөн, адепсиз жана мыйзамсыз билдирүүлөрдү жасашты. Вандалдардын кол салуусунан жаракат алган полиция кызматкерлерибиз, терезелери талкаланган дүкөн ээлери жана миллиарддаган лирага зыян тарткан коомдук мүлк үчүн жоопкерчилик – оппозициялык партиянын негизги лидери жана анын тарапташтарында», – деп айтканын Anadolu агенттиги жазды.
 
Президент оппозицияга дагы бир жолу кайрылып, чакырык жасады:
 
«Жарандардын тынч жашоосун бузууну токтоткула <...> Элдин сабыры менен ойной бербегиле. Силер ураандарын гана эмес, менталитетин да кабыл алган маргиналдуу солчул уюмдардын полицияга каршы чабуул коюшуна жол бербегиле», – деди Эрдоган.
 
Имамоглу президенттикке талапкер болобу?
 
Түркияда нааразычылык акциялары 19-мартта башталган. Буга Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглунун терроризм жана коррупция боюнча айыпталып камакка алынышы себеп болгон.
 
24-мартта оппозициялык Республикачыл элдик партиясы (РНП) Имамоглуну 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары көрсөттү. Бирок анын президенттикке талапкерлигин коё алаары азырынча белгисиз. Эгерде ал камакка алынган кылмыш иши боюнча күнөөлүү деп табылса, анда ал кийинки президенттик шайлоого чейин талапкерлигин кое албайт.
 
Бул иш боюнча соттук процесс 11-апрелде башталат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз