Азия кубогу-2027 мелдешинин так оюндарынын жадыбалы жарыяланды

Азия футбол конфедерациясы 2027-жылы өтө турган Азия кубогунун беттештеринин так жадыбалын жарыялады. Мелдеш Сауд Арабиясында 7-январдан 5-февралга чейин өтөт.

Чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстандын улуттук курама командасы С тайпасына түшүп, Иран, Сирия жана Кытайдын курамалары менен күч сынашат.

Тайпалык баскычтын жыйынтыгында ар бир тайпадан алдыңкы эки орунду ээлеген командалар плей-офф баскычына чыгат. Мындан тышкары, үчүнчү орунду ээлеген командалардын арасынан эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон төрт команда да кийинки баскычка жолдомо алат.

Оюндардын жүгүртмөсү:

 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз