Израилде парламенттик шайлоого добуш берүү аяктады. Өкмөттүн партиясы канча орун алат?
Израилде парламенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Үч ири телеканал жүргүзгөн экзитполдордун жыйынтыгына ылайык, негизги эки саясий блоктун бири да парламентте көпчүлүктү түзө албайт. Бул тууралуу «Би-би-си» маалымдады.
Kan 11 жана Channel 13 телеканалдарынын экзитполдоруна ылайык, мурдагы Башкы штабдын жетекчиси Гади Айзенкот башында турган оппозициялык блок менен премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун блогу 51ден мандат алышы мүмкүн. Ал эми Channel 12 телеканалынын сурамжылоосунда Айзенкоттун блогуна 50, Нетаньяхунун блогуна 52 мандат берилген. Өкмөттү түзүү үчүн Кнессеттеги 120 орундун кеминде 61ин камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле экзитполдорго ылайык, араб партиялары рекорддук көрсөткүчкө жетип, 17–18 мандат алышы мүмкүн.
Жалпысынан Израилдин парламентиндеги 120 орун үчүн 37 партия ат салышты. Өлкө тарыхында бир дагы саясий күч парламентте абсолюттук көпчүлүккө ээ болгон эмес. Ошондуктан Израилдеги бардык өкмөттөр коалициялык негизде түзүлүп келген.
Шайлоодо добуш берүүгө катышкандардын саны да рекорддук деңгээлге жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:00гө карата шайлоочулардын 74,3 пайызы добуш берген. Мындай жогорку көрсөткүч 1973-жылдан бери, шайлоочулардын катышуусу боюнча статистика жүргүзүлө баштагандан бери, биринчи жолу катталды.
Айзенкот экзитполдордун жыйынтыгы Нетаньяхуга жана анын өкмөтүнө карата элдин ишеним көрсөтпөгөнүн айгинелеп турганын билдирди. Анын айтымында, эгер алдын ала божомолдор ырасталса, оппозиция элдин эркин ишке ашыруу жана Нетаньяхунун өкмөтүн алмаштыруу үчүн дароо аракетке киришет.
77 жаштагы Нетаньяху 1996-жылы алгачкы жолу премьер-министр болуп шайланган. Ал бүгүнкү күнгө чейин Израилдин башкы саясий ишмерлеринин бири бойдон калууда. Анын азыркы премьер-министрлик мөөнөтү 2022-жылы башталган. Нетаньяхунун акыркы өкмөтүнүн курамына тарыхта биринчи жолу ашынган оңчул партиялардын өкүлдөрү кирген. Анын саясий оппоненттери бул партияларды экстремисттик деп эсептешет.
Нетаньяхунун башкы атаандашы — Айзенкоттун «Яшар» партиясы башында турган расмий эмес оппозициялык блок. Анын курамына оңчул күчтөрдөн тартып, борборчул-солчул багыттагы кыймылдарга чейин кирген. Бул саясатчыларды негизинен Нетаньяхуну бийликтен кетирүү максаты бириктирет.
Айзенкот 2023-жылдын 7-октябрындагы чабуулдардан кийин Нетаньяхунун аскердик кабинетине кошулган. Бирок сегиз айдан кийин премьер-министрди сынга алып, курамдан чыккан.
Шайлоо өнөктүгү учурунда ал Нетаньяхуну «коркунучту күчөтүүгө, калпка жана коркутууга негизделген өнөктүккө таянууда» деп айыптаган. Ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамп эл шайлаган кайсы гана жетекчи болбосун, аны менен толук кызматташууга даяр экенине ишеним билдирген.
Айзенкот палестиналыктар менен жаңжалды эки мамлекет түзүү принцибинин негизинде жөнгө салууну колдобойт. Бул принцип ондогон жылдар бою жүргүзүлгөн тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн негизин түзүп келген. Ошол эле учурда ал Израиль оккупациялап турган Батыш жээктеги палестиналыктарга карата жөөт отурукташуучуларынын зомбулугун сынга алган.
Ал эми Нетаньяху шайлоо өнөктүгүндө согуш мезгилиндеги лидер катары тажрыйбасына жана АКШ президенти менен болгон союздаштыгына басым жасады.
Жекшемби күнү ал Трамп Ирандан келип чыккан коркунучту биротоло жоюу үчүн кайрадан чара көрүүгө даяр экенин, бирок бул Нетаньяху бийликте калган шартта гана мүмкүн болорун билдирген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

