Грек-рим боюнча Кыргызстандын курамасы дүйнөлүк чемпионатта кандай жыйынтык көрсөттү?
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Казакстандын Астана шаарында өткөн дүйнө чемпионатындагы мелдешин жыйынтыктады.
Грек-рим күрөшү боюнча таймаштар 24–27-октябрь күндөрү өттү. Жалпысынан 10 салмак категориясында медалдар ойнотулуп, Кыргызстан атынан 10 балбан күч сынашты.
Курама команданын эң мыкты жыйынтыгын Амантур Исмаилов менен Акжол Махмудов көрсөтүп, экөө тең коло медаль жеңип алышты.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбандарынын жыйынтыктары:
- 55 кг: Кутман Калбаев — 12-орун
- 60 кг: Курманбек Жапаров — 7-орун
- 63 кг: Афтанди́л Таалайбек уулу — 17-орун
- 67 кг: Раззак Бейшекеев — 21-орун
- 72 кг: Амантур Исмаилов — 3-орун (коло медаль)
- 77 кг: Ырыскелди Максатбек уулу — 14-орун
- 82 кг: Акжол Махмудов — 3-орун (коло медаль)
- 87 кг: Азат Салидинов — 27-орун
- 97 кг: Узур Жузупбеков — 18-орун
- 130 кг: Илхам Тохтаев — 21-орун
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

