Намысты коргой турган спортчулар даярдалат
Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин негизги максаты — жаш муунду спортко тартуу, алардын ден соолугун чыңдоо, спорттук жөндөмүн өстүрүү жана райондун намысын коргой турган мыкты спортчуларды даярдоо. Учурда 52 тайпа 578 окуучу анын ичинен 453 бала, 125 кыз тарбияланууда. Спорттук мектепте 31 машыктыруучу окуу-машыгуу иштерин жүргүзүүдө. Мында спорттун 10 түрүнөн: волейбол, футбол, грек-рим күрөшү, эркин күрөш, жеңил атлетика, шахмат жана улуттук күрөш, тогуз коргоол, самбо, ордо боюнча окуу-машыгуулар жүргүзүлүп, спортчулар ар кандай деңгээлдеги мелдештерге катышып келишет.
Биздин кабарчыбыз жакында аталган балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору, Кыргыз Республикасынын билим берүү, дене тарбия жана спорттун отличниги төш белгилеринин ээси Нурлан Асилбекович Мамытовго жолугуп, аны менен маектешип кайткан.
-Нурлан Асилбекович, акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин спорт тармагына өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы баарыбызга маалым. Ал алыскы Алай районунда сезилип жатабы?
- Албетте, мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө багытталган көрсөтмөлөрү бизге дем-күч берип жатат. Райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мекемелер тарабынан спорттук инфраструктураны өнүктүрүү, балдарды жана жаштарды спортко тартуу багытында иштер улантылып келет. . Спорттук залдардын, аянтчалардын жана машыгууга ылайыктуу жайлардын болушу жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга чоң шарт түзөт. Райондун бир катар айылдарында спорттук залдар, аянтчалар курулууда.
Биздин мектеп жөндөмдүү баланын спорт менен машыгууга мүмкүнчүлүк түзүү, анын талантын ачуу багытында иш алып барууда.
- Үстүбүздөгү жылы спорт мектебинин жана райондун деңгээлинде бир топ иш-чаралар өткөрүлгөн болчу, аны башынан баштап айтып берсеңиз?
-Жакшы болот, 2026-жылдын 10-11-февраль күндөрү Алымбек Датка атындагы спорт комплексте Т.Аданбаевдин байгесине арналган волейбол оюну боюнча кыздар арасында ачык биринчилик өтүп, анда 1-орунду Өзгөн, 2-орунду Ноокат, 3-орунду Алай району ээледи. 31-март күнү балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин арасында волейбол боюнча биринчилик уюштурулуп, ага 8 команда катышты. 4-апрелде волейбол оюну боюнча кыздар арасында биринчилик болуп, ага 6 команда катышты. Ошол күнү грек-рим күрөшү боюнча да биринчилик уюштурулуп, ага жүздөн ашык жаш спортчулар катышты. 15-апрель күнү жеңил атлетика боюнча Абдыразаков Нышанбайдын байгеси өткөрүлүп, ага райондогу жалпы мектеп окуучуларынан 200дөн ашык спортчулар катышты.
Быйылкы жылы 28-апрель күнү Ош облусунун жеңил атлетика боюнча биринчилиги Гүлчө шаардык борбордук стадионунда өткөрүлдү. Мелдешке облустук спорттук мектептерден 300дөн ашык спортчу катышты. 20-майда эркин күрөш, 23-майда грек-рим күрөшү боюнча ата-энелер кубогу биринчилик өткөрүлдү. 26-май күнү футбол боюнча биринчилик уюштурулуп, ага 7 команда катышты. Женүүчүлөргө балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби тарабынан диплом, медаль, кубоктор тапшырылды.
-Облустук мелдештерге катышкан жаш спортмендер тууралуу маалымат бере кетсеңиз.
-Быйылкы жылдын 20-21-январда грек-рим күрөшү боюнча Ош облусунун тандоо мелдешине катышкан 71 кг салмактагы Абдазов Актан, 45 кг салмактагы Касымбеков Даниел жана 60 кг салмактагы Жумалиев Бекжан- I, 55 кг салмактагы Памиров Ариет - III, 30-31-январдагы Ош облусунун кубогунда Токонов Салман, Бектурсунов Байгелди, Жетимишов Улукман Акылбеков Кутмандар-I, Акмурзаев Арноо, Нушов Умар, Балтабаев Барсбек II, Абдыраев Амир менен Жаныбаев Нуриман III орунду ээлеп кайтышты.
9-февралда тогуз коргоол оюну боюнча Ош облусунун биринчилиги (Кыргыз Республикасынын биринчилигине тандоо мелдеши) өткөрүлүп, анда кыздар командасы үчүнчү, балдар командасы төртүнчү орунду камсыздап кайтышкан. 14-февраль күнү эркин күрөш боюнча Кара-Суу шаарында 2010-2017-жылдардын аралыгында туулган өспүрүмдөрдүн арасында өткөрүлгөн турнирде 51 кг салмактагы Сүйөркулов Бекзат менен 55 кг салмактагы Бактыбеков Алинур экинчи, 55 кг салмактагы Максутов Абубакир 3-орунду багындырып келишти. 26-27-февралда болуп өткөн грек-рим күрөшү боюнча Ош облусунун биринчилигинде Өмүрзаков Адахан менен Токтосунов Актилек I, Токторбаев Бектур, Жунушов Умар, Балтабаев Барсбек, Абдыраев Амир, Рысбеков Сабыр, Адишов Мирхат III орунга чыгышты. 6-7-март күндөрү өткөн грек-рим күрөшү боюнча U-12 Ош облусунун биринчилигинде Бектурсунов Байгелди, Токторбаев Нурмухаммед, Орозалиев Алмамбет биринчи, Токонов Салман экинчи, Абдумажитов Дауд, Жаныбаев Нуриман жана Иманкулов Саид үчүнчү орунду ээлеп кайтышты.
12-13-мартта Араванда балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин арасында волейбол оюну боюнча биринчилик уюштурулуп, анда биздин балдар 2-орунга чыгышкан. 2-9-10-мартта болгон кыздар күрөшү боюнча Ош шаарынын биринчилигинде Кулжигитова Мэдина менен Шербаева Жасмина экинчи, Сабиралиева Бурулай, Муктарбекова Арууке, Авазбекова Мавлюда, Анарбаева Сумая 3-орунду ээлеп кайтышкан. 14-15-мартта тогуз коргоол боюнча Өзгөндө өткөрүлгөн ачык биринчиликте биздин балдар, кыздар байгелүү орундарды камсыздап келишкен. 1-марттагы тогуз-коргоол боюнча Ош облусунун биринчилигинде Аматаева Жасмина биринчи, Арапбаева Аима 2-орунга чыгышкан. 28-март күнү жеңил атлетика боюнча Ош облусунун жазгы кросс боюнча биринчилигинде 1000 метр аралыкка чуркоодо Абдылдаева Аделя менен 2000 метр аралыкка чуркоодо Дуйшөбаева Арууке 1-орун, 3000 метр аралыкка чуркоодо Акматалиев Үсөн 3-орунга чыгышкан. 17-18-апрель күндөрү женил атлетика боюнча болуп өткөн Ош облусунун биринчилигинде балдарыбыздын жана кыздарыбыздын командалары 1-орунду ээлеп кайтышкан. 1-майдагы Ноокат районунун биринчилигинде Эргешов Гамза 3-орунга чыккан. 25-26-майда өткөн женил атлетика боюнча З.Хабибуллаевдин байгесинде Абдылдаева Аделя, Шакирова Аяна, К.Асанов, Э.Адиев, Р.Мурзаев, Э.Баатыров экинчи, Дүйшөнова Бурулай 3-орунду ээлеп кайтышкан.
- Республикалык жана эл аралык мелдештерге катышкан улан-кыздардын ысымдарын атап өтсөңүз?
-2026-жылдын 10-12-апрель күндөрү өткөн грек-рим күрөшү боюнча Ош облусунун биринчилигинде Бектурсунов Байгелди экинчи, Үмүтбеков Аяз 3-орунду ээлеп кайтышты. 29-30-апрель күндөрү өткөн грек-рим күрөшү боюнча А.Камбаралиевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнирде А.Орозали уулу менен Бектурсунов Байгелди I, Жетимимшов Улукман менен Кадырмамат уулу Нургелди II, Акмурзаев Арноо III орунду камсыз кылышты. 7-8-9-май күндөрү Манас шаарында өткөн Т.Тайгараевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште Камалдинов Азат 1-орунду ээлеп келди.
Быйылкы жылдын 27-28-февраль күндөрү Бишкек шаарында болуп өткөн женил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын ачык биринчилигинде Абдылдаева Аделя 200 метр аралыкта чуркоодо 1-орунду ээлеп кайткан. 26-28-март күндөрү грек-рим күрөшү боюнча өткөн Кыргыз Республикасынын биринчилигинде Таабалдыев Нурдөөлөт 3-орунду камсыздап келди. 27-29-мартта Бишкек шаарында болуп өткөн тогуз коргоол боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилигинде Аматайева Жасмина 2-орунга чыккан. 3-4-апрелде жеңил атлетика боюнча өлкөбүздүн биринчилигинде Абдылдаева Аделя 1-орун, Дүйшөева Бурулай 3-орунду камсыздап келишти. 22-29-июнь күнү Манас шаарында өткөн «Мен Чемпионмун» мелдешинде женил атлетика боюнча Абдылдаева Аделя 1-орун, А. Абытова 3-орун, Шакирова Аяна 4-орунга чыгышты. Бул мелдеште волейбол боюнча Камбаров Арген 1-орунду, футбол боюнча Сапаралиев Асанали «Мыкты чабуулчу» номинациясын алып кайтты. Грек-рим күрөшү боюнча Абдазов Актан менен Алымкулов Ислам 5-орунга чыгышкан.
-Эмки сөз Алайдын атын алыска чыгарган улан-кыздарды тарбиялап жаткан машыктыруучулар тууралуу болсун.
— Спорттогу ийгиликтин артында машыктыруучунун талыкпаган эмгеги турат. Машыктыруучу — баланын спорттук жөндөмүн ачып, аны тартипке, чыдамкайлыкка жана жеңишке умтулууга үйрөткөн адам. Биз үчүн спортчунун медаль алышы гана эмес, анын тартиптүү, жоопкерчиликтүү, мекенчил инсан болуп калыптанышы да маанилүү. Машыктыруучуларыбыз балдар менен үзгүлтүксүз иш алып барып, алардын физикалык даярдыгын, оюн тактикасын жана спорттук чеберчилигин жогорулатууга аракет кылышат.
Спорт мектебинин жамааты алдыга койгон максаттарды ишке ашыруу үчүн бир команда болуп иштеп келет. Албетте, жетишкендиктерибизде машыктыруучулардын эмгеги, ата-энелердин колдоосу жана жаш спортчулардын тынымсыз аракети чоң роль ойнойт.
Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде жаш спортчуларды даярдоого өз салымын кошуп келе жаткан тажрыйбалуу адистерибиз бар. Алардын катарында грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу Эсенали Назарбаевич Масаковдун эмгегин өзгөчө белгилеп кетүүгө болот. Ал Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, Алай районундагы грек-рим күрөшүнүн негиздөөчүсү, дене тарбиянын отличниги, Алай районунун ардактуу атуулу. Анын колунан тарбияланган балдар Азия жана дүйнө чемпионаттарында ийгиликтерди жаратып келишет.
2018-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш, 2022-жылы алтын медалдын ээси, 2025-жылы Дүйнө чемпионатынын катышуучусу, эл аралык класстагы спорттун чебери Назарбаев Бексултан бизде грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу.
Улуттук күрөш боюнча спорттун чебери, Кыргызстандын 7, Орто Азиянын 3 жолку чемпиону, “Эл агартуунун мыктысы” Мурзаев Туратбек эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Ал тарбиялаган Сазанова Дильназ, Шамиева Айдана сыяктуу окуучулары Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн спортсмендер.
Биздин милдет —машыктыруучулардын эмгегин баалоо, кесиптик деңгээлин жогорулатууга шарт түзүү жана жаш муунга тажрыйбасын өткөрүп берүүсүнө көмөктөшүү. Анткени алардын ийгилиги — анын тарбиялаган спортчуларынын жетишкендиги менен өлчөнөт.
Ыңгайы келип турганда бир кеэде биздин спорттук мектептен тарбияланып, азыр Кыргызстандын намысын коргоп келе жаткан улан кыздарыбыздын ысымдарын атап өтпөсөм болбойт. Алар Ташболот уулу Нуржигит, Сыргабай уулу Нурболот, Максатбек уулу Ырыскелди, Назарбаев Бексултан, Абдазов Актан, Алымбек уулу Артыкбек [Азиз], Мурзакулов Элдар. Биздин балбандар өлкөбүздөн намысын Азия чемпионаттарында грек рим күрөшү боюнча коргоп, ири ийгиликке жетишкендигин далай жолу күбө болдук. Сазанова Дильназ- кыз-келиндер күрөшү боюнча республикада атагы чыккан балбан. Ал Азия чемпионатында бир нече жолу күмүш, коло медалдарды тагынган.
Сыргабай уулу Нурболот, Максатбек уулу Ырыскелди, Назарбаев Бексултандар болсо дүйнө чемпионатына катышып, алдыңкы орундарды камсыздап жүргөн, жаштардын үлгү туткан өлкөбүздүн белдүү спортсмендери.
-Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ишиңиздерде ийгилик жылоолой берсин!
Маектешкен: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

