Чоң-Алайда спортко көңүл бурулууда
Баарыбыздын эсибизде, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун №1 Жарлыгы "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы" жөнүндө чыгып, аталган жарлыктын негизинде республиканын бардык аймактарында спортту өнүктүрүүгө олуттуу маани бериле баштаган. Анын катарында Чоң-Алай району да четте калган эмес. Айыл өкмөттөрүнүн аймактарында спорт комплекстери, залдар, аянтчалары курулуп, жашоонун сергек образына үндөө, жарандардын бош убактысын спорт менен өткөрүүгө аракеттер башталган. Чоң-Алай районундагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинен машыгуудан өткөн спортмендер да райондук, облустук спорттук иш-чараларга катышып, бир топ ийгилик жаратып келүүдө.
Биздин кабарчыбыздын райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Абдиманап Рыскулович Акунов менен болгон маегинин өзөгүн ушул маселелер түздү.
-Абдиманап Рыскулович, кийинки жылдарда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров спорттун өнүгүшүнө олуттуу көңүл буруп, мамлекеттик масштабдагы иш-чаралар турмушка ашып жаткандыгынын жана мамлекетибиздин экономикасынын көтөрүлүшүнүн шарапаты менен спорт жаатында жакшы жылыштар болуп жатат. Алыскы Чоң-Алайда , абал кандай?
- Туура айтасыз. Кыргыз Республикасынын Президентинин спорттун өнүгүшүнө олуттуу көңүл буруп, ири масштабдагы иш-чараларды жүргүзүүгө берген тапшырмасынын негизинде райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Мирбек Турдубекович Шамыркановдун көзөмөлү менен Чоң-Алай, Кашка-Суу, Жекенди айыл өкмөттөрүнүн аймактарында спорт комплекс, спорт залдар, спорттук аянтчалар курулуп, азыркы учурда 18 жаштан жогору болгон муундар бош убактысында спорт менен өткөрүүгө шарттар түзүлүп жатат.
-Ири шаарлардан алыста жайгашса да спорттун бир нече түрү боюнча талаптагыдай машыгуу жүргүзүп, бир топ ийгиликтерге жетишип келе жаткан райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды айтып берсеңиз.
- Биздин балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби спорттун волейбол, футбол, баскетбол, тогуз коргоол, жеңил атлетика, улуттук күрөш-каратэ ийримдери боюнча иш алып барат. Спорт мектепте жалпысынан 30 кызматкер эмгектенип, алардын ичинен 19 машыктыруучу жогоруда айтылган ийримдер боюнча 525 жаш жеткинчекти машыктырып келишет.
-Үстүбүздөгү жылы райондо спорт мектептин жана райондун деңгээлинде кандай спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Маекти ушул багытка бурсак.
-Үстүбүздөгү жылы Кашка-Суу айыл аймагына караган мектептердин улан-кыздар арасындагы командалары үчүн волейбол оюну боюнча Кубок өткөрүлдү. Андан кийин Чоң-Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби мекемесинин жабык түрдөгү биринчилик оюндары уюштурулду.
Быйылкы жылдын эң негизги иш-чара- бизде Ош облусундагы спорт мектептердин тарбиялануучу улан-кыздардын арасындагы волейбол жана футбол оюндары боюнча ачык чемпионаты өткөрүлдү. Ага Өзгөн районундагы үч, Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Кара-Суу райондук жана Ош шаардык спорт мектептеринин жаш спортчулары катышып, абдан кызыктуу оюн көрсөтүшүп кетишти.
-Райондун спортчулары үстүбүздөгү жылдын январдан сентябрь айына чейин кандай мелдештерге катышкандыгына кенен токтолуп, анын жыйынтыгын айтып өтсөңүз? Башкаларга стимул болсун үчүн мыкты спортчулардын ысымдарын толугу менен атай кетсеңиз.
-Быйылкы жылы март айында тогуз коргоол ийриминин машыктыруучусу Көкөев Шамшидин Өзгөн райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби уюштурган тогуз коргоол оюну боюнча ачык чемпионатынын биринчилигине өзү машыктырган спортчулары менен катышып, командабыз 8 алтын, 8 күмүш, 1 коло медаль тагынып келишти. Аталган мелдештин командалык түрүндө кыздар командасы биринчи, балдар командасы 2-орунга чыкты. Мелдештин жеке түрүндө Ибраимова Гүлнурга 3-орун ыйгарылган.
Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын бекиткен “Тогуз коргоол” оюнунун биринчилик чемпионатында биздин спорт мектебинин кыздар жана балдар командалары мелдештин командалык түрүндө экөө тең 2-орунду камсыздап келишти. Жаш курак боюнча Ош облусунун биринчилигинде кыздар арасында Атамкулова Феруза I, Ибраимова Гүлнур II, Атамкулова Раяна менен Пайзидинова Хабиба III орун, Балдардын арасынан Пайзидинов Али-Шер I, Абдрашитов Умар II, Исманова Сумая менен Абдрашитов Умар II, Шүкүрова Мадина менен Авазов Исхак III-орунга татыктуу болгон. 1-орунду ээлеген Атамкулова Феруза менен Пайзидинов Али-Шер Таласта өтө турган республикалык медешке жолдомо алышты.
Апрель айында болуп өткөн таэквон-до ИТФ боюнча Ош облусунун ачык биринчилигине каратэ ийриминин машыктыруучусу Жанаев Медет баштаган команда катышып, бул мелдеште спортчуларыбыз Рыскулов Элдос 1-орунду ээлеп- алтын, Кенжебаев Даниель 2 орунду ээлеп-күмүш, Жалалидинов Искен, Аблималиков Али жана Жунусов Байсалдар 3 орунду багындырып, коло медаль тагынды.
Түштүк региону боюнча жеңил атлетика Федерациясынын макулдугу менен Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы бекиткен жобого ылайык 2009-2013-жылдардын аралыгында туулган улан кыздар-арасында өткөрүлгөн спорттук иш чарага жеңил атлетика ийриминин машыктыруучулары Саитов Апызбек, Гапаров Эргешали, Камалидин уулу Токтобек машыктырган спортчулар катышып, алардын ичинен Нурмаматов Жоодар 100 метрге чуркоодо - алтын, Мыктазбеков Умарали 200 метрге чуркоодо - күмүш медаль утуп келишти. 200 метрге чуркоодо Нурмаматов Жоодар, Мыктазбеков Умарали жана 400 метрге чуркоодо Чжоева Ырысбүбү, 800 метрге чуркоодо Абдразакова Махабат, 3000 метрге чуркоодо Белеков Альазим III орунду ээлешип, 5 коло медаль тагынып келишти. Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы демилгелеген “Мен Чемпионмун” деп аталган мелдеште Белеков Альазим экинчи, Аскарбеков Махмуд менен Таабалдиев Руслан 3-орунду ээледи. Жалпысынан алганда 1 күмүш, 2 коло медаль тагынышты.
Июнь айында Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана грэплинг федерациясы менен биргеликте уюштурулган “INTERNATIONAL GRAPLING CHAMPIONSMP” мелдешине биздин балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин каратэ ийриминин машыгуучулары катышып, алар 2 алтын, 3 коло медаль тагынышты. Мелдештин жыйынтыгында 57 кг салмактагы Абжалилов Нурлан менен 25 кг салмактагы Жанаев Абдулла 1-орунду, 57 кг салмактагы Галдарбеков Жакшылык 57 кг салмактагы Рыскулов Элдос, 28 кг салмактагы Галдарбеков Мухамедумар 3-орунду багындырышып кайтышты.
Ош облустук каратэ федерациясы жана Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы биргеликте өткөрүлгөн Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата «Каратэ WKF» эл аралык мелдешине райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин М.Жанаев жетектеген ийримдин окуучулары барып катышып, анын жыйынтыгында балдар арасында спорттун кумитэ түрү боюнча 47 кг салмактагы Жунусов Байсал менен 52 кг салмак боюнча Акматалиев Ариет II орунду, 55 кг салмак боюнча Рыскулов Элдос менен 45 кг салмактагы Жалалидинов Искендер III орунду ээлеп, алар медаль, грамота менен сыйланышты.
-Мезгилдин машыктыруучуларга койгон талабы жогору. Тоолуу райондун сыймыгы болгон, Чоң-Алайдын атагын алыска чыгарган машыктыруучулардын ысмын атай кетсеңиз.
-Биздин спорт мектептин машыктыруучулары өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган кесипкөй адистер деп айтсам аша чапкандык эмес. Анткени, алар коюлган талаптарды өз убагында, так аткарып, райондо өткөрүлгөн ар кандай спорттук иш-чараларга активдүү катышып жүрүшөт. Облустук масштабдагы спорт жаатында уюштурган тренигдерге да үзбөй барышат. Калк арасында кара кылды как жарган калыстар катары кадыр--барктары жогору. Алардын аты-жөнүн атай кетсек: волейбол боюнча улук машыктыруучу Эгембердиев Зайирбек баштаган Курманбаев Махмаямин, Маматкарим уулу Абдыкалык, Сапарали уулу Курсанали, Мойдунов Сталбек, Маатазимов Бакай, тогуз коргоол оюну боюнча тажрыйбалуу машыктыруучу Көкөев Шамшидин, Улуттук күрөш машыктыруучусу Жанаев Медетбек, футбол ийриминин машыктыруучулары Бөкөбаев Сүйүнбай, Рахматжанов Расул, баскетбол боюнча машыктыруучу Мамажакып уулу Үмөтали жана жеңил атлетика ийриминин улук машыктыруучусу Саитов Апызбек баштаган Гапаров Эргешали, Казакбай уулу Мыктыбек, Абдыкалык уулу Айтбай, Камалидин уулу Токтобек, Максаткул уулу Жакшылык.
-Алыстагы айылдарга спорт жетпей, элет жериндеги балдарыбызга толук кандуу көңүл бурулбай жаткандай. Аны чечүү үчүн сиздерде кандай аракеттер жасалып жатат?
- Айтканыңыз туура, биздин райондун айылдары чачкын, райондун борборунан алыс жайгашкандыктан аларды толук камтый албай жатабыз. Бирок аракети, кызыгуусу, келечеги бар жаштарды биздин мектептин машыктыруучулары сабактан сырткаркы убактарда машыктырышып, спорттун түрүнө жараша ар түрдүү жолдоштук беттештерди өткөрүшүп турушат. Айыл жергесинде жүргөн мындай мыкты балдарды райондук, облустук, республикалык жана Азия мелдештерге чейин алып чыккан мисалдар бар.
-Кийинки жылдарда мамлекет тарабынан адаптивдүү жана паралимпиялык спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурулуп жатат. Сөз багытын ушул тарапка бурсак.
-Биздин райондо адаптивдүү жана паралимпиялык спорт толук кандуу өнүктү деп айтсак, калыстыктан тайган болуп калабыз. Ошентсе да даталуу күндөрдө, майрамдарда паралимпиялык спорттун түрлөрү боюнча атайын уюштурулган спорттук иш-чаралар өткөрүлүп, ага машыктыруучулар калыстык кылышат. Жеңүүчүлөрүнө спорт мектептин бюджетинен сыйлыктар коюлуп, мындай жарандарыбызга майрамдык маанай тартуулоого аракет кылабыз.
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

