Кыргыз балбандары дүйнө чемпионатында үчүнчү жыл катары менен алтын медалсыз калышты

Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курамасы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында кайрадан алтын медаль жеңе алган жок.

2026-жылы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 24-октябрдан 2-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өттү. Мелдеште грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жалпысынан 30 комплект медаль ойнотулду.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан 22 балбан катышып, жыйынтыгында 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Мээрим Жуманазарова менен Эрназар Акматалиев финалга чейин жеткени менен, чечүүчү беттеште Кытай жана Орусиянын өкүлдөрүнө жеңилип, күмүш медаль менен чектелишти.

Ошентип, кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатында үчүнчү жыл катары менен алтын медаль жеңе албай калышты.

Кыргызстан акыркы жолу 2023-жылы Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медалдарга ээ болгон. Анда Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болушкан.

2024-жылы Париж Олимпиадасынан кийин олимпиадалык программага кирбеген салмак категориялары боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Бул мелдеште Кыргызстан сегиз жылдан бери биринчи жолу бир да медаль жеңе алган эмес.

Ал эми 2025-жылы Хорватияда өткөн дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 2 күмүш жана 3 коло медаль тагынышкан.
Бекзат Алмаз уулу менен Айпери Медет кызы финалга чейин жетип, бирок чечүүчү беттештерде Түндүк Корея жана Эквадордун балбандарына утулуп калышкан.

2027-жылдагы дүйнө чемпионаты 11–19-сентябрь күндөрү АКШда өтөт. Бул мелдеш лицензиялык мүнөзгө ээ болуп, анда 2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына алгачкы жолдомолор ойнотулат.

Маалымат үчүн: Учурда Кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курамасынын дүйнө чемпионаттарындагы алтын медалдарынын саны сегизге жетет. Алардын үчөө Айсулуу Тыныбекованын, экөө Акжол Махмудовдун, экөө Жоламан Шаршенбековдун жана бирөө Мээрим Жуманазарованын эсебинде.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз