Жогорку лига: "Алай" өз талаасында упай жоготсо, "Абдыш-Ата" "Бишкек ситини" жеңди

2-ноябрда, Кыргызстандын футбол чемпионатынын 29-турунун алкагында дагы үч беттеш өттү.

Ош шаарында жергиликтүү «Алай» клубу «Нефтчи» менен беттешип, 1:3 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми Кант шаарында «Абдыш-Ата» Бишкектин «Бишкек Сити» командасын кабыл алды. Оюн талаа ээлеринин 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Беттештин экинчи бөлүгүндө атаандаш команданын оюнчусу кызыл айып кагазын алгандан кийин канттыктар эки гол киргизип, жеңишке жетишти.Бул жеңиш «Абдыш-Ата» үчүн быйылкы сезондогу төртүнчүсү болду.

Ошондой эле оюн күнүнүн дагы бир беттешинде Талас шаарындагы жаңы стадионунда ойногон «Азия» «Талант» клубун 4:2 эсебинде утуп алды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз