Акбар «UFC'де» дебюттук беттешин өткөрсө, Уран Сатыбалдиев орусиялык мушкер менен мушташат
Кыргызстандык спортчу Акбар Абдуллаев (14-0) «UFC'де» дебюттук беттешин өткөрөт.
Ал 5-декабрда Эр-Риядда өтө турган турнирде мушташат. Атаандашы Бразилиядан келген Майрон Сантос (17-1) болот.
Абдуллаев үстүбүздөгү жылдын сентябрында «Dana White’s Contender Series» шоусунда 19 секундда нокаут менен жеңишке жеткенден кийин «UFC» менен келишим түзгөн.
Сантос 2024-жылы «UFC'ге» келгенден бери бардык төрт беттешинде жеңишке жеткен.
Ушул эле турнирде октагонго дагы бир кыргызстандык Уран Сатыбалдиев чыгат, ал Орусиядан келген Иван Гниздицкийге каршы беттеш өткөрөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

