Кремль казак президентинин Орусияны ТМУнун курамына киргизүү сунушуна жооп берди

Орусиянын Түрк мамлекеттер уюмуна катышуусу түшүнүктүү жана максатка ылайыктуу болмок. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жергиликтүү ЖМКнын өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Москвага расмий чакыруу азырынча түшө элек, бирок бул маселе Казакстан менен байланыштардын жүрүшүндө талкуунун темасы болушу мүмкүн.

«Орусиянын Түрк мамлекеттер уюмуна катышуусуна келсек, сиздер билесиздер, Орусияда элдери тарыхый теги боюнча дагы түрк болгон бир катар аймак бар», – деди Песков.

Ал сөз айрым аймактар эмес, бүтүндөй өлкөнүн уюмдун катарына кошулуусу жөнүндө болушу керектигин баса белгиледи.

30-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Анкарадагы ТМУнун саммитинде Орусияны уюмдун курамына киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, Россия ири держава катары түрк дүйнөсү менен кылымдар бою тыгыз байланышта болуп келет. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз