Муртазали Магомедов "UFC" уюмундагы экинчи жеңишине жетишти

Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедов UFC уюмундагы экинчи жеңишин багындырды. Ал профессионалдык карьерасындагы жеңилбес сериясын улантып, катары менен 12-беттешинде жеңишке жетти.

Магомедов 8-ноябрга караган түнү АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн UFC Fight Night 293 турниринде октагонго чыкты.

Ал жарым жеңил салмакта бразилиялык Жозе Делано менен беттешти. Үч раундга эсептелген кармаш калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен кыргызстандык мушкердин жеңиши менен аяктады.

Муну менен Муртазали Магомедов профессионалдык карьерасындагы 12-жеңишин каттаса, анын атаандашы Жозе Делано төртүнчү жолу жеңилүү ызасын тартты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз