Эл агартууга өмүрүн арнаган Аман агай...
Эл арасында өзүнүн эмгеги, адамгерчилиги жана ак ниет мамилеси менен кадыр-баркка ээ болгон инсандар ар дайым урмат-сыйга татыктуу. Алардын басып өткөн жолу, жасаган иштери жана жаш муундарга берген тарбиясы кийинки муундар үчүн үлгү болуп кала берет. Өмүрүн билим берүүгө, жаштарды тарбиялоого арнап, элдин алкышына татыган ушундай инсандардын бири – Сарыев Аман агай.
Ал 1955-жылы Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айылындагы Пор айылында төрөлгөн. Бала кезинен зээндүүлүгү, билимге болгон кызыгуусу менен айырмаланып, комуз чертип, ыр ырдаганга да шыктуу болгон. Мектепте окуп жүргөн кезинен эле билимге умтулуусу күчтүү болуп, келечекте агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенишине негиз түзүлгөн.
1981-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. 1983-жылы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектепке мугалим болуп орношуп, окуучуларга терең билим жана татыктуу тарбия берүү жолунда көп жылдык эмгек жолун баштаган.
Аман агай өзүнүн билимдүү, эл-жерине күйгөн инсан экенин мектепте окуп жүргөн кезинен эле көрсөтүп, кийин да ошол сапатын коомдук иштерге активдүү аралашуу менен далилдеп келди. Ал өзү туулуп-өскөн айылынын өнүгүшүнө кайдыгер карабай, элдин көйгөйлөрүн чечүүгө дайыма өз салымын кошуп, айылдаштарынын үнүн коомчулукка жана тиешелүү жетекчилерге жеткирүүгө аракет кылды. Айыл элинин турмушун жакшыртуу, келечек муунга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында өзүнүн ой-пикирин айтып, сунуштарын билдирип, көптөгөн демилгелерди көтөрүп жүрдү. Анын мындай аракеттери – өзүнүн жеке кызыкчылыктан мурда элдин камын ойлогон адам экенинен кабар берет десек эң туура болот.
Айылдын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу маселесинде да анын эмгеги чоң. Жаңы мектептин салынышы, бала бакчанын курулушу, фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) иши жана жолдордун абалын оңдоо сыяктуу эл үчүн маанилүү маселелерди чечүүдө Аман агай тынбай аракет кылып келди. Ал тиешелүү мекеме-уюмдардын жана жооптуу жетекчилердин дарегине кат жүзүндө кайрылып, көйгөйлөрдүн чечилишин талап кылып, бул иштердин аткарылышына көңүл буруп турду. Маселени жөн гана айтып коюу менен чектелбестен, анын оң жагына чечилишине чейин кызыгып, колдон келген жардамын аяган жок.
Анын айыл үчүн жасаган иштеринин бири катары Жан-Чукур–Шерали жолунун курулушу боюнча демилгелерге кошкон салымын белгилөөгө болот. Бул жолдун планга киргизилип, ишке ашырылышына байланыштуу маселелерде Аман агай өзүнүн ой-пикирин билдирип, сунуштарын айтып, ар тараптуу көмөк көрсөттү. Жол маселеси айыл элинин күнүмдүк турмушу, каттамы жана башка аймактар менен байланышы үчүн канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнгөндүктөн, анын чечилишине өзгөчө көңүл бурду. Мындай иштер анын туулган айылына болгон терең сүйүүсүн жана элдин келечегине кайдыгер карабаганын дагы бир жолу далилдеп берди.
Менин оюмча, Аман агайдын эмгегин бир гана билимдүүлүгү же жеке жетишкендиктери менен баалоо жетишсиз. Анын чыныгы кадыр-баркы – алган билимин, турмуштук тажрыйбасын жана күч-аракетин элдин керегине жаратып, өзү туулуп-өскөн айылдын өнүгүшүнө жумшап келгенинде. Айылдын көйгөйлөрүн өз маселесиндей кабыл алып, алардын чечилиши үчүн тынымсыз аракеттенген мындай адамдар коом үчүн абдан баалуу. Аман агайдын жасаган иштери жаш муундарга үлгү болуп, туулган жерге кызмат кылуу – чоң жоопкерчилик жана адамдык парз экенин көрсөтүп турат.
Ал баскан-турган жеринде кичи пейилдиги, адамгерчилиги, ыймандуулугу менен айырмаланган өзгөчө инсан эле. Бир дагы адамга жамандык каалабаган, ар кимге ак ниет мамиле жасаган сапаты аны билген адамдарды суктандырчу.
Аман агайдын дагы бир өзгөчө касиети – акындык таланты эле. Ал сөздүн күчүн, маанисин терең түшүнгөн, ырлары аркылуу адамдын көңүлүнүн түпкүрүнө жетип, ой салган мыкты акындардын бири болчу. Өмүр бою топтогон билимин, турмуштук тажрыйбасын жана Алла Таала берген талантын чыгармачылыкка арнап, он эки китеп жазып калтырды. Кыргызстандын Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү болгон Аман агайдын чыгармалары – баа жеткис руханий мурасы болуп калды. Анын ырлары менен китептери убакыт өткөн сайын өз маанисин жоготпой, кийинки муундарга да таалим-тарбия берип, автордун жаркын элесин сактап кала берет дейт элем.
Анын калемине таандык чыгармалардын арасында «Кыргызстандагы таздар уруусунун санжырасы», «Алайдан чыккан Курманжан датка», «Убакыт текке кетпептир», «Өмүр отун бүт жандырсак жетеби?», «Ак маанай», «Кунарлуу сөз», «Касиеттүү Үч-Капчал» аттуу китептери өзгөчө орунду ээлейт. Бул эмгектер анын чыгармачылык изденүүсүн, тарыхка, туулган жерге жана адамдык баалуулуктарга болгон терең мамилесин чагылдырат.
Менин оюмча, Аман агай сыяктуу адамдар сейрек жаралат. Ал өзүнүн ак эмгеги, чынчылдыгы, адамгерчилиги жана чыгармачылыгы менен жашоодо өчпөс из калтырды. Анын өмүрү күн сыяктуу айланага жарык чачып, ай сыяктуу түн караңгылыгында жол көрсөткөн өмүр болду десем жаңылышпайм. Анын ысымы, жазган ырлары жана эл үчүн жасаган эмгектери биз үчүн түбөлүк эстелик болуп кала берет.
Ал чындыкты бетке айткан, эч кимге жагынбаган, жаманды жакшы, жакшыны жаман деп бурмалабаган чынчыл адам болгон. Кандай кызматта иштебесин, коомдук иштерге катышпасын, өзүнүн акыл-насааты, сунуш-пикирлери менен элдин жүрөгүнө жол таап, артынан алкыш гана калтырды. Аман агайдын адамдык бийик сапаттары, адилеттүүлүгү жана кайраттуулугу аны тааныгандардын эсинде түбөлүк сакталат деп толук ишенем.
Жаман ойду жан адамга бакпаган,
Жакшы адамдын жакшысы элең алкаган.
Жаштайыңдан эмгек кылып таптаза,
Жактың беле жаш-карыга ар качан?
Жүрөгүңдө жүрбөй данча каралык,
Жүргөн жериң шаңга толуп, тазарып.
Санап бүткүс өнөр ээси болуп сен,
Эмгек кылдың, эл жериңде айтаарлык.
Жаткан жайың жайлуу болсун ылайым,
Жаратканым сага берип ырайым.
Пайгамбарым шапаат кылып өзүңдү,
Бейишиңди берсин ыйык кудайым.
Сагынбай Жунусов.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


