Кыргыз Эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиев 85 жашта. Анын феномени эмнеде?

 
Кубатбек Жусубалиевди кыялы чукул адам дешчү. Ошондой экен. Аны менен биринчи сүйлөшүүбүздө эле мындай кыялына мен да туш болдум. Алайдын Кердегей айылындагы үйүндө отурган жазуучуну уруксаты менен өзүн жалгыз сүрөткө тартып бүтүп, “Сиз менен сүрөткө түшүп алсам болобу?”,-десем, мага карап: “Болбойт!”,-деди. Кагып бергени ыңгайсыздык жаратканы менен аны кызы Жамбы эже жымсалдап өткөрдү. “Жанына отур, тартып коем”,-деди дагы: “Ата, бери караңыз”,-деп чырк эттирди. Ошентип тарыхий сүрөт тартылып калды.
  
Жазуучунун 85 жылдык мааракесине деп Алай райондук Маданият үйүнө алды айылдан, арты Ош менен Бишкектен, ары жагы Америкадан болуп отуруп, толтура адамдар келишкен. Алар Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгын талкуулап, куттуктоо айтып, кыйла энергиясын алышты. Ар ким менен сүйлөшүп, ар кимдин каалоосун угуп, өзүнүн сүрөт көргөзмөсү сындуу иш-чараларга катышып жүрүп чарчаган Кубат аке «Алай районунун ардактуу атуулу» деген наамын тагынып, сыйлуу конокторунун коштоосунда үйүнө түштөн кийин келген болчу. Ал жерде да тынч коюшпай (албетте, торколуу тою болуп атса, адамдар кирет да), ар кимиси ар нерсени айтып, башын ооруткан. Алардан кичине бошой калып, 85ке чыккан карыя тамактанып атканда, эл сээлдеди деп сааттай болуп мен да кире калгамын да. Анан ошондо “болбойтун” айтып атпайбы.
Үйүн көрдүк. Өзгөчө ойлонгон адамдын жашаган үйү да өзгөчө экен. Эл төрт чарчы салса, Кубат акенин үйүнүн бир ныптасы боз үй сыңар тегерек экен. Бөлмөлөрдүн ичи тегерек болгону адамга жакшы энергия берет деп фен-шуй философиясында да айтылат эмеспи, ушуга ишенген окшойт, мүмкүн чындыр. Үй ичиндеги ар бир деталдын жөн эмес тарыхы бар экен. Өзү сыйлаган конокторуна баарын болбосо да, божурап айтып берип атты.
Үйүнүн ичиндеги камин, ортодогу түркүк, дубалга илинген Жусуп Мамайдын, өзүнүн жана үйүнүн сыртынан тартылган сүрөттөрү – тегерек бөлмөсүнүн көркүнө андан да көрк кошуп турат. Башка бөлмөсүн китепке толтуруптур: сейрек кездешүүчү адабий, тарыхий, маданий, диний, философиялык китептердин турганын көрүп, Кубатбек Жусубалиевдин ички жан дүйнөсү, ой жүгүртүүсү кайсы чекте экенин байкаса болот. Албетте, бийикте да. Менин көңүлүмдү тактайчага тартылган байыркы Индиянын маданиятын же салтанаттуу жүрүшүн чагылдырган көркөм эмгек да бурду. Текчелерде, андан сырткары, азыр колдонулбай калган аудио жана видео кассеталар, эски дубал сааттар, телевизордун пульту турат. Ушул төрт чарчы бөлмөсүндө иштөөчү стол, стулу, баягы легендарлуу шапкасы, терезе жанында өзгөчө дизайндагы отургучу, жыгачтан жасалган чырак формасындагы люстрасы – жазуучунун табитин, дүйнө таанымын жана өзүнө гана таандык стилин айгинелеп турат. Ушул жактан ары уктоочу бөлмөсүнө өтөт экен.
Үйү черепица менен жабылыптыр дагы, кышы подрашивка ыкмасында урулгандыктан, шыбалбаптыр. Ал эми тамаракасы өзгөчө экен. Үйүнүн капталында кирин жууп кургатчу баягы “Кубатбектин ташы” турат. Бак-шагы кенен экен, алмасы төгүлүптүр, чөбү орулуптур. Башка курулуш жок. Мал бакпаса Кубат акеде кайсы короо-жай болмок эле. Айыл өкмөт чарпаясын шыпырып-сыйрып, оңдоп-түзөө иштерине кол кабыш кылыптыр.
 
Ошентип анын 85 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Конокторго кой союлуп, меймандарга сыйлуу дасторкон салынды. Бирок өзү ушул иш-чараларды өткөрүүгө караманча каршы болуптур. Үйүн музей кылууга демилге көтөрүлгөн экен, ага да каршы болуп атат дешти.
 
Менин түшүнүгүмдө Кубатбек Жусубалиев көп нерседен баш тартып, көп нерсеге баш урган адам. Жашоонун жыргалчылыгы – өзүн-өзү табууда деп билет. Ал өзүн өмүр бою издеп, өмүр бою чоң суракка даярдап жүрүп отурду. Ал көрпенделик турмушту, жан багаар жашоону чанып, жан дүйнөсүн өзү түшүнгөн философияга, өзү түзгөн логикага арнаган. Ички азаптардан, ач көздүктөн, жек көрүүдөн жана чексиз каалоолордон толук арылып, руханий эркиндикке – нирванага жетүүнү каалайт. Ашыкча кумардан, көз карандылыктан кутулуп, дүйнө кубулуштарына акыл-эс менен сабырдуу мамиле кылат. Дүйнө чындыгын түшүнүп, актыкка жетейин дейт. Ал ошентип жашап келди.
"Ош жаңырыгы" гезити үчүн атайын түшкөн сүрөтү
Анын ушундай жан дүйнөсү менен дүйнөгө көз карашын түшүнүүгө аракет кылганда, менин жан дүйнөм чындап эс алат, шашпаган жашоо образына түшүп, оюм бир жерге токтойт, көр тиричилик, толгон көйгөйлөр бир тыйынга татыбай калат.
 
Кубат аке жакшы көргөн адамын “кембагал”,-деп коет экен. Ал байлыкка эмес, билимге “кембагал”,-дегени да. Анын артында адамдарды билимге умтулуусун, аң-сезими жогорулоосун каалаган жакшы ниет жатканы айдан ачык эмеспи...
 
Асанбек Каракозуев,
“Ош жаңырыгы” гезитинин башкы редактору

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз