Айпери Медет кызы үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Иорданияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды.

Ал 27-март күнү 76 кг салмак категориясында күч сынашып, мелдешти 1/4 финалдан баштаган.
 
Биринчи беттешинде кытайлык спортчуну 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалда КЭДРдин өкүлүн таза жеңиш менен уткан.
 
Финалдык кармашта Медет кызы 2023-жылдагы 23 жашка чейинки дүйнө чемпиону болгон индиялык Ритика менен күрөшкөн.
 
Кыргызстандык балбан алгач 2 упай алса да, кийин атаандашы эсепти теңеп, алдыга озуп чыккан.
 
Күрөштүн бүтөрүнө 15 секунд калганда Ритика 6:2 эсебинде утуп жаткан. Бирок Медет кызы адегенде 2 упай алып, андан соң акыркы секунддарда дагы 2 упай утуп, эсепти 6:6 кылды.
 
Жыйынтыгында, Кыргызстандык спортчу жеңүүчү деп табылды. Индиянын машыктыруучулары бул чечимге макул болбой, видео кайрылууну талап кылышты. Бирок калыстар мурдагы чечимин күчүндө калтырды.
 
Медет кызы 7:6 эсебинде жеңишке жетип, карьерасында үчүнчү жолу Азия чемпиону болду.
 
Буга чейин ал 2022 жана 2024-жылдары да Азия чемпионаттарында жеңишке жеткен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз