Трамп Иранга: "Эгерде алар келишим түзбөсө, бомбалоо болот"
Иран өзүнүн «тез өнүгүп жаткан» өзөктүк программасы боюнча АКШ менен түз сүйлөшүүдөн баш тартканын өлкөнүн президенти Масуд Пезешкиан билдирди, деп жазат "CentralAsia" басылмасы CNN-ге шилтеме берүү менен.
Бул АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жогорку лидери Али Хаменейиге жөнөткөн катка Тегерандын биринчи расмий жообу болду. Axios өз булактарына шилтеме берип, ал катта жаңы өзөктүк келишим түзүү үчүн эки айлык мөөнөт белгиленгенин маалымдаган. Бирок бул мөөнөт кайсы учурдан тарта эсептелери белгисиз.
Пезешкиандын айтымында, Оман аркылуу жеткирилген катка жооп Вашингтон менен кыйыр сүйлөшүүлөр мүмкүн экенин ачык калтырган. «Биз сүйлөшүүдөн качпайбыз. Бизди буга чейин тынчсыздандырган нерсе – убада аткарылбай калышы болчу. Алар [АКШ] ишенимге татыктуу экенин далилдеши керек», – деди Пезешкиан телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда.
Ал Иран эч качан сүйлөшүүдөн качпаганын белгилеп, АКШны мурунку милдеттенмелерин, анын ичинде 2018-жылы Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндө өзөктүк келишимден чыгып кеткенин эске салды.
Өз кезегинде, Трамп АКШ менен Иран өзөктүк программа боюнча макулдашууга келе албаса, Вашингтон Иранга сокку урарын билдирди.
«Эгерде алар келишим түзбөсө, бомбалоо болот. Бул алардын буга чейин көрбөгөндөй бомбалоо болот», – деди Трамп NBC News телеканалына берген маегинде. Ошондой эле ал ирандык товарларга каршы жаңы экинчи санкцияларды киргизүү менен коркутту.
Мындан тышкары, АКШнын президенти Вашингтон менен Тегеран ортосунда «байланыш бар» экенин белгиледи.
АКШнын президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф 23-мартта Вашингтондун Иранга каршы согуштук аракеттерди баштоо мүмкүнчүлүгү тууралуу айткан. Анын айтымында, АКШ бул маселени тынчтык жолу менен жөнгө салууга кызыкдар, бирок кызматташтыктан баш тартса, Иранды «өтө жагымсыз альтернатива» күтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.