Орусия "Талибанды" террордук уюмдардын тизмесинен чыгарабы?
Иллюстрациялык сүрөт
Орусиянын Башкы прокуратурасы Россиянын Жогорку сотуна 2021-жылы Ооганстанда бийликке келген «Талибан» кыймылынын ишмердүүлүгүнө тыюу салууну токтото туруу боюнча өтүнүч менен кайрылды.
Башкы прокурордун административдик арызы Жогорку сотто 17-апрелде каралат, деп билдирет «Интерфакс». Жыйын жабык режимде өтөт.
Жыл башында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров «Талибан» кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгаруу процесси улантылып жатканын маалымдаган. Бул процесс 2024-жылдын декабрында кабыл алынган «Россия Федерациясынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын алкагында жүргүзүлүүдө. Аталган мыйзамда «Талибанды» жана сириялык «Хайат Тахрир аш-Шамды» бул тизмеден чыгаруу сунушталган. Документте эгерде кыймыл терроризмди үгүттөөнү, актоону жана колдоону токтотсо, аны тизмеден чыгарууга мүмкүн экени айтылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.