Египетте 3600 жыл мурун жашап өткөн падышанын көрүстөнү табылды

Филадельфиядагы Пенсильвания университетинин египет-америкалык археологиялык миссиясы Египеттин түштүгүндөгү Абидос аймагын башкарган, 3600 жыл мурун жашаган белгисиз падышанын көрүстөнүн тапты. Бул тууралуу Artnet басылмасы кабарлады.

Көрүстөн жердин жетимиш метр тереңдигинде жайгашып, анын ичинде акиташтан жасалган көмүү камерасы жана ылай кыштан курулган күмбөздүү бөлмөлөр бар. Кире бериштин эки жагында египеттик Исида жана Нефтида кудайларынын ысымдары жазылып калган. Алар көбүнчө чогуу берилчү, анткени Исида жашоону, ал эми Нефтида өлүмдү билдирчү.
 
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, Абидос династиясы болжол менен биздин заманга чейинки 1630-1539-жылдары жашап өткөн. Ал убакта Египеттин түндүгү гиксостордун бийлиги алдында болгон, ал эми түштүктө бир нече падышалар өкүм сүргөн.
 
Табылган падышанын ысымы белгисиз бойдон калууда. Археологдордун пикиринде, анын ысымы көрүстөнгө кире бериштеги кирпичтерге тартылган сүрөттөрдө жазылган болушу мүмкүн, бирок иероглифтерди уурулар талкалап кеткендиктен, окууга мүмкүн болбой калган.
 
Египеттин Байыркы эстеликтер боюнча Жогорку кеңешинин башкы катчысы Мохаммед Исмаил Халед бул табылга Абидос династиясынын падышалары жана Анубис тоосундагы некрополдун өнүгүшү жөнүндө жаңы илимий далилдерди бергенин билдирди.
 
Мурда илимпоздор мындай династия чындап эле жашаганбы деп күмөн санап келишкен. Бирок Абидос башкаруучуларынын бири Сенебкайдын көрүстөнү табылгандан кийин, бул тууралуу түшүнүк өзгөргөн.
 
Учурда археологдор аймактагы казууларды улантып, ошол доорго таандык башка падышалардын көмүлгөн жайлары дагы болушу мүмкүн деген божомолдорун изилдеп жатышат. Алар бул көрүстөндүн ээсинин ысымын тактоого жардам бериши мүмкүн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз