Орусияда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөр күчүн жоготту
2024-жылдын 1-апрелинен тарта Россияда чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөр жараксыз болуп калды. Бул тууралуу РБК маалымдады.
Россия жарандыгын, жашоо укугун (ВНЖ) же убактылуу жашоого уруксатты (РВП) бир жыл же андан мурда алган адамдар эми чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөрүн колдоно албайт. Ошондой эле бул эрежелер Россиянын жарандарына да тиешелүү – эгер алар чет өлкөдө узак убакыт жашап, ошол жактан айдоочулук күбөлүк алышкан болсо.
Алардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн жарактуулук мөөнөтү 2025-жылдын 1-апрелинде аяктайт.
Жаңы мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жашоо укугун (ВНЖ) же Россия жарандыгын алгандан кийин бир жыл өтсө, чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүк менен унаа башкаруу укугунан ажырашат.
«Бир жылдык мөөнөт адамдын чет өлкөдөн Россияга келген күнүнөн тартып эсептелет», — деп билдирген ИИМ.
Машина айдоо укугун кайра алуу үчүн бул жарандар теориялык экзамен тапшырып, Россиянын улуттук айдоочулук күбөлүгүн алышы керек. Мурдагыдай ГАИге барып эле чет өлкөлүк күбөлүктү Россияныкына алмаштыруу мүмкүн эмес. Эрежени бузгандар үчүн 15 миң рублга чейин айып пул каралган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.