Ноокат окуучуга карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук жасоого шектелип мугалим кармалды
Ноокатта окучуга карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул факты каттоого алынып, топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары Ноокат районунун 1982-жылы туулган К.А. кармалып, 2025-жылдын 24-март күнү камакка алынып, райондук сот тарабынан бөгөт коюу чарасы камак түрү тандалган»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда ыкчам-тергөө амалдары уланууда.
Кечээ, 2-апрель күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Ноокатта мектеп окуучусун мугалим зордуктаганын айтып чыккан эле.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.