Жер титирөөдөн улам кулап калган Таиланддагы имарат мыйзам бузуу менен курулган
Таиланддын Антикоррупция кызматы Бангкокто жакында болгон жер титирөө учурунда кулап түшкөн асман тиреген имаратты курууда мыйзам бузуулар болгонун мурда эле эскерткенин Reuters маалымдады.
Таиланддын Өнөр жай министрлиги курулушта сапатсыз болот колдонулганын билдирди. Текшерүү учурунда материалдарга жана жумушчу күчүнө үнөмдөлгөндүгү аныкталган. Имарат Таиланддын Мамлекеттик аудиторлук башкармалыгы үчүн курулуп жаткан жана аны кытайлык жана таиланддык эки компания тургузууга жооптуу болгон.
Кызмат өкүлүнүн айтымында, быйыл январь айында бийлик курулуштун кечигип жатканына байланыштуу долбоордон баш тартуу тууралуу эскертүү берген. Ошондой эле текшерүү учурунда курулуш аянтында талап кылынгандан бир топ аз жумушчу иштеп жатканы белгилүү болгон. Бул иштердин шашылыш жүрүшүнө алып келип, курулуштун сапатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн эле.
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө Бангкокто курулуп жаткан 30 кабаттуу асман тиреген имараттын урап түшүшүнө себеп болду. Бул шаардагы бирден-бир кыйраган имарат болду. Учурда куткаруучулар уранды астында калган болжол менен 75 кишини издеп жатышат.
Italian Thai Development PCL жана China Railway Number 10 (Thailand) Ltd курулуш компанияларынын өкүлдөрү азырынча комментарий берише элек. Ал эми Italian Thai Development компаниясынын акциялары 27% төмөндөдү.
Мьянмадагы жер титирөө кыйроолор жана курмандыктар саны боюнча өтө олуттуу болду. Акыркы маалыматтар боюнча, 3 миңдей адам каза тапты. Башкы соккудан кийин ондогон кайра кайталоочу силкинүүлөр болуп, үйлөр, көпүрөлөр, храмдар жана жолдор кыйрап, миллиондогон адамдар турак жайсыз калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.