Түштүк Кореянын Президенти импичмент менен кызматтан кетти
Түштүк Кореянын Конституциялык соту өлкө президенти Юн Сок Ёлдун аскердик абал киргизүү чечими мыйзам талаптарына жооп бербейт деген тыянак чыгарды. Сот анын импичменти боюнча чечимди бир добуштан колдоду, деп билдирди жергиликтүү «Рёнхап» агенттиги.
Импичментти бекитүү үчүн сегиз соттун кеминде алтоосунун добушу талап кылынат. Конституциялык соттун бул чечими Юнду бийликтен биротоло четтетет. Эми өлкөдө кезексиз президенттик шайлоо өтүшү керек — ал 3-июнга белгиленүүдө.
Юн Сок Ёль 2024-жылдын 3-декабрында өлкө аймагына аскердик абал киргизүү чечимин кабыл алган, бирок ал чечим кийинки эле күнү жокко чыгарылган. Ал мындай кадамын ички саясий себептер менен түшүндүрүп, оппозицияны мамлекетке каршы иш-аракеттерге жана төңкөрүш даярдоого айыптаган. 14-декабрда Юнго импичмент жарыяланып, кийинчерээк ал камакка алынган. Президенттин милдетин аткаруучу болуп премьер-министр Хан Док Су дайындалган, бирок Улуттук жыйын ага да импичмент жарыялаган.
2025-жылдын март айында Конституциялык сот Хан Док Сунун импичментин четке каккан. Ошол эле айда Юн Сок Ёль камактан бошотулган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.