"Ак шумкарлар" ФИФАнын рейтинги боюнча 103-орунга чыкты

Кыргызстандын улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыртылган рейтингинде жогорулады.

Жаңыртылган рейтинг 3-апрелде жарыяланды. Ал 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын, Улуттар лигасынын жана жолдоштук беттештердин жыйынтыгына жараша түзүлдү.
 
"Ак шумкарлар" март айында Өзбекстан менен (0:1) жана Катар менен (3:1) эки оюн өткөрүшкөн.
 
Бишкекте өткөн беттеште Катарды жеңүү Кыргызстандын курама командасына рейтингде 103-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди. АФКга кирген өлкөлөрдүн арасында кыргыз курамасы 17-орунда турат.
 
Рейтингдин кийинки жаңыртылышы 10-июнда болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз