Садыр Жапаров саммитке катышуу үчүн Самаркандга барды
Президент Садыр Жапаров «Борбор Азия - Европа Бирлиги» саммитине катышуу үчүн Самарканддын конгресс-борборуна барды. Бул тууралу Президенттин админстрациясы маалымат таратты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, «Борбор Азия - Европа бирлиги» Биринчи саммитинин жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарынын (Өзбекстан Республикасы) конгресс-борборуна келди.
Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.
Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга киришти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.