Өткөн аптада Кыргызстанда айрым азык-түлүктөр кымбаттады

Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда, Казакстанда жана Россияда азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу "Тазабек" басылмасы министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда өсүмдүк майы 0,4% кымбаттаган, пастерленген сүт — 0,1% жогорулаган, уй эти — 0,2%, кой эти — 0,1%, сабиз — 0,8%, пияз — 0,4% кымбаттаган, ал эми жумуртканын баасы 1,9% арзандаган.
 
Казакстанда 1-сорттогу буудай уну 0,7% өскөн, өсүмдүк майы — 0,2%, уй эти — 0,2%, кой эти — 0,2%, шекер — 0,5%, картошка — 0,3%, пияз — 0,5% кымбаттаган, ал эми пастерленген сүттүн баасы 1,3% төмөндөгөн.
 
Россияда шекердин баасы 1% төмөндөгөн, сабиз — 1,3% арзандаган, ошол эле учурда уй эти 0,2%, кой эти 0,4% жана пияз 5,8% кымбаттаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз