Улуттук хокей лигасы: Овечкин 26 жылдык рекордду жаңыртты
«Вашингтон» командасынын чабуулчусу Александр Овечкин канадалык Уэйн Гретцкинин 26 жылдан бери жаңыланбаган рекордун жаңылады — ал үзгүлтүксүз чемпионаттарда 894 шайба киргизген болчу.
Россиялык хоккейчи 6-апрелде «Айлендерс» командасына каршы болгон оюнда тарыхый шайбасын киргизип, көрсөткүчүн 895ке жеткирди. Оюндун экинчи бөлүгүнүн 8-мүнөтүндө Овечкин гол киргизип, эсепти 1:2 кылды. Рекорд жаңыртылганы үчүн оюн убактылуу токтотулуп, майрамдоо уюштурулду.
Гретцки 894 шайбаны 1487 оюнда киргизген. Овечкин да дал ушунча оюнда ушундай натыйжага жетти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.