Ошто 21 жаштагы кызды автоунаа койдуруп кеткен

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө «Хундай Грандюр» автоунаасы 21 жаштагы кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.

Маалым болгондой, окуя 2-апрель күнү саат 12:00 чамасында Ленин көчөсүндө болгон.
 
Анда жөө адамдар өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан кызды «Хундай Грандюр» автоунаасы сүзүп кеткен.
 
Бул маалыматты Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.
 
2025-жылдын 2-апрель күнү саат 12.00 чамасында, айдоочу, М.Ж.Х., өзүнүн сол рулдуу "Хундай Грандюр" үлгүсүндөгү автоунаасын Ош шаарынын Ленин көчөсү аркылуу түштүктөн түндүктү карай башкарып бара жатып, ошол эле көчөдө жайгашкан 780 А-үйүнүн тушуна жеткенде, ал жолдогу жөө жүрүүчү өткөөлү аркылуу чыгыштан батышты карай өтүп бара жаткан жөө жүрүүчү, 2004-жылы 9-ноябрда туулган Ш.Н.А.ны (аял киши) автоунаасынын астыңкы тарабы менен койдуруп алып, жол унаа кырсыгын жасаган.
 
«Натыйжада жөө жүрүүчү Ш.Н. Ош шаардык ооруканасынын мээхирургия бөлүмүнө жеткирилип, башынын бешенесинен жана бетинин жумшак этинин эзилген жана сыйрылган жараат алганы аныкталган. Бул факты Ош ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган, автоунаа айып аянтчасына киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз