Аламүдүндөгү түзөтүү колониясындагылар массалык түрдө жазалоо камерасына киргизилген
Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында соттолгондорду жаза изоляторуна массалык түрдө отургузуу фактысы катталды. Бул тууралуу 10-апрелде Улуттук кыйноолорду алдын алуу борборуна шилтемеберип "Сводка АКИпресс" басылмасы (УКАПБ) кабарлады.
Улуттук кыйноолордун алдын алуу борборуна соттолгондордун жакындарынан даттануулар түшкөн — соттолгондордун ур-токмокко алынганы, аларга суу берилбей жатканы, туугандары менен жолугушууга жана тамак-аш, керектүү нерселерди алууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканы айтылган.
Ушуга байланыштуу 8-апрелде Улуттук борбордун кызматкерлери аталган колонияга барышкан. Маалым болгондой, 7-апрелде мекемеде тыюу салынган буюмдарды аныктоо максатында тинтүү жүргүзүлгөн.
№27 түзөтүү колониясынын администрациясынын маалыматына ылайык, айрым соттолгондор талапка баш ийбей, каршылык көрсөтүшкөн. Натыйжада 42 адам жаза изоляторуна (ШИЗО) киргизилип, аларга туугандары менен жолугууга жана посылка алууга тыюу салынган.
Соттолгондор өзүлөрү арыз жазуудан баш тартышкан. УКАПБ кызматкерлери түзөтүү колониясында кармалган соттолгондор менен маектешкенде да, алардын баары арыздануудан баш тарткан.
«Улуттук борбор акыркы мезгилде абактарда массалык жаза колдонуу фактылары көбөйгөнүнө тынчсызданат. ШИЗОго киргизүү — бул өзгөчө тартиптеги жаза чарасы болуп саналат жана ар бир учур кылдат иликтениши керек», — деп айтылат маалыматта.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.