Доминикандагы трагедия: Түнкү клубдун чатырынан урашынан улам каза болгондордун саны 184кө жетти

Доминикан Республикасынын борбору Санто-Домингодо түнкү клубдун чатырынын урашынан улам каза болгондордун саны 184 адамга жетти. Бул тууралуу Diario Libre гезити Өзгөчө кырдаалдар кызматынын жетекчиси Хуан Мануэль Мендестин маалыматына таянып жазып чыкты.

Буга чейин 144 адам каза болгону кабарланган болчу.
 
Мендес билдиргендей, издөө-куткаруу иштери токтотулбайт. Бийлик жарандардан туугандары же жакындары жөнүндө кайрылууларды алып турганча, иштер улантылат. Буга чейин 124 адам каза болгону айтылган эле.
 
8-апрелде Санто-Домингодогу Jet Set түнкү клубунун чатыры ырчы Рубби Перес ырдап жаткан учурда урап түшкөн. Көптөгөн көрүүчүлөр урандылардын астында калып кеткен. Жаракат алгандардын саны 500дөн ашат. Өлкө президенти Луис Абинадер үч күндүк аза күтүү жарыялады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз