Мьянмада жер титирөөнүн кесепетинен улам 2719 адам каза тапты

Мьянмадагы жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 2719га жетти. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы (CCTV) өлкөнүн премьер-министри Мин Аун Хлайнга шилтеме берип жазганын Reuters агенттиги кабарлады. 31-мартта каза болгондордун саны 2 миңден ашкан деп маалымдалган.

Анын маалыматына ылайык, жаракат алгандардын саны кеминде 4521ге жетип, дагы 400 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Премьер-министр каза болгондордун саны 3 миңден ашышы мүмкүн деп болжолдоду.
 
Буга чейин каза болгондордун саны 2056 деп бааланып, жабыркагандардын саны 3,9 миңден ашкан, ал эми дайынсыз жоголгондор 270 адам деп айтылган.
 
28-мартта Мьянмада магнитудасы 7,7 болгон жер титирөө катталган. Анын очогу өлкөдөгү экинчи чоң шаар Мандалайдын батыш тарабында жайгашкан. Жер титирөөнүн толкундары Таиландда жана Кытайда да сезилген. Таиланддын борбору Бангкок шаарында 18 адам каза болуп, 30дан ашууну жаракат алган. Ошондой эле 76 адам дайынсыз жоголгон. Ал жакта курулуп жаткан көп кабаттуу имарат кулап түшкөн.
 
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына ылайык, бул жер титирөө Мьянмадагы акыркы 100 жыл ичиндеги эң күчтүү зилзала болуп саналат. Алардын баасы боюнча, каза тапкандардын саны 10 миңге чейин жетиши мүмкүн.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз