Мечиттеги жарылуу: 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркады

Өзбекстандын Анжиян облусунун Избаскан районундагы мечиттин дааратканасында болгон жарылуудан үч киши каза болуп, 10 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Газ-аба аралашмасынын жарылуусу дүйшөмбү күнү саат 12:19да «Мирзо Улугбек» махалласындагы имаратта болгон. Алгач алты адам жабыркаганы кабарланган.
 
Окуя болгон жерге эки куткаруучу топ жана эки өрт-куткаруу тобу жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, имараттын дубалдары жана чатыры урап калган.
 
Жарылууга байланыштуу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.
 
Кечээ, 31-мартта Андижандагы мечиттердин биринде жарылуу болуп, 6 адам жабыркаганы кабарланган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз